Бардык жаңылыктар

Иранда ЦРУга иштейт деген шек менен сегиз киши кармалды

Ирандын атайын кызматы АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгына (ЦРУ) тиешеси бар деген шек менен сегиз кишини кармады. Бул тууралуу мамлекеттик IRNA агенттиги кабарлады.

Иран бийлигинин маалыматына караганда, кармалган адамдар жарандык журналист катары иштемиш болуп, тыңчылык менен алектенишкен. Алар өлкөдөгү башаламандыктар тууралуу маалыматтарды топтоп, чет мамлекетке жиберип турушкан.

Азырынча Вашингтон бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Иранда массалык демонстрациялар ноябрдын ортосунан бери уланууда. Нааразылык алгач күйүүчү майдын кымбатташынан улам башталып, тез эле өкмөткө каршы акцияларга айланган. Митинг маалында полиция бир нече жолу демонстранттарга каршы ок-дары жана көздөн жаш агызчу газ колдонгону кабарланууда.

Укук коргоочулардын мааалыматына караганда, акция катышуучуларын таркатуу аракети маалында 100дөн ашык адам каза болуп, миңдеген киши камакка алынды.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады