Бардык жаңылыктар

Бишкектеги ЖККУ саммитин 135 чет өлкөлүк жана 130 жергиликтүү журналист чагылдырууда

Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жамааттык Коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отуруму өтүүдө. Бул иш-чараны 135 чет өлкөлүк жана 130 жергиликтүү журналист чагылдырууда.

Иш-чараны чагылдыруу үчүн Россия, Беларусь, Армения, Казакстан жана Тажикстандын 43 ЖМКсынан 135 журналист жана Кыргызстандын 34 ЖМКсынан 130 журналист аккредитациядан өткөн.

ЖМК өкүлдөрү үчүн басма сөз борбору уюштурулган.

Саммиттин жүрүшү "Ала-Тоо 24" каналында түз алып көрсөтүлүүдө.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикистан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Армения Премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышууда.

Белгилей кетсек, бүгүнкү ЖККУ саммитин өткөрүү менен Кыргызстан уюмдагы төрагалык мезгилин жыйынтыктайт.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады