Бардык жаңылыктар

Сооронбай Жээнбеков Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы муфтий Максат ажы Токтомушев, Бишкек жана Кыргызстан Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын епископу Даниил катышышты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин маданияттарынын биримдигин жана ар түрдүүлүгүн сактоо жана бекемдөөнүн маанисин белгиледи.

Инсандын, коомдун жана жалпысынан мамлекеттин өнүгүүсүндө руханий жан дүйнөнүн өзгөчө ролун баса белгиледи.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков ишенимге аяр мамиле жасоо жана ынтымакты бекемдөө идеяларын коомго сиңирүү зарылдыгын белгиледи.

Муфтий Максат ажы Токтомушев жана епископ Даниил региондордо конфессиялар аралык диалогду жакшыртуу, өлкөдө диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө айтып беришти.

Ошондой эле коомдо конфессиялар аралык ынтымакты жана сабырдуулукту бекемдөө, радикализм жана экстремизмди алдын алуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, 2019-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарында өтө турчу «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» Эл аралык конференциясына даярдыктар жөнүндө маалымат берилди.

Тектеш кабарлар
Президент Сооронбай Жээнбеков: Ислам жана Православие — биздин руханий мурасыбыз, аларды бүгүнкү күнү баа жеткис дөөлөт катары баалайбыз
Куш кабар // 21-11-2019, 12:47
Президент Сооронбай Жээнбеков: Биздин дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди - экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат
Куш кабар // 12-11-2019, 12:17
Сооронбай Жээнбеков: “Менин милициям мени коргойт” деген ишенимди ар бир жарандын көкүрөгүнө орнотуу – эң башкы милдет
Куш кабар // 1-11-2019, 12:12
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет
Куш кабар // 22-04-2019, 16:58
Фото – КРнын Конституциясынын элдик курултайларды өткөрүүгө болгон жарандардын укугу жөнүндө жоболорун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү
Куш кабар // 20-04-2019, 19:53
Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады