Бардык жаңылыктар

УКМКдан жоголгон 200 миң долларга депутат Канат Исаевдин кандай тиешеси бар?

УКМКнын тергөөчүсүнүн сейфинен 200 миң доллар уурдалганы белгилүү болду. Бул акча Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев пара менен колго түшкөндө алынган акча экени айтылууда.

Айрым маалымат каражаттары бул ишке депутат Канат Исаевдин күйөө баласы Бакай Ишенгулов шектелип жатканын жаза башташты. Ишенгулов акча уурдалганга чейин УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгында иштегени дайын.

ММКларда жарыяланган маалыматтарды топтосок, депутаттын күйөө баласы тергөө башчысынын кабинетинен акчаны алып чыккан, бул иш жекшемби күнү – УКМКнын башкы имаратында кызматкерлер жок учурда болгон.

Анткен менен имараттын ичине да сыртына да коюлган видеокамералар тууралуу сөз болгон эмес. Ишенгулов кылган иш болсо видеокөзөмөлгө түшүшү керек эле, бирок тийиштүү кызматтар видео тууралуу эч нерсе дешкен эмес.

Анткен менен депутаттын күйөөбаласы акча уурдалгандан кийин эле “Лексус 570” автоунаасына ээ болуп калганы да айтылып жатат. Кийинчерээк Канат Исаев да УКМК тарапка барганы, аны көргөндөр болгону белгиленген. Депутаттын коопсуздук кызматына болгон сапарын күйөө баласы катышкан ишти жайгарып, акчаны кайтарып берүү аракетин көрүү катары сыпатташты. Акча уурдалгандан кийин Ишенгулов иштен арызын жазып кетип калган.

Маалымат каражаттары Канат Исаевдин кызы, Бакай Ишенгуловдун жубайы Бермет Исаева менен байланышкан. Бирок ал мындай маалыматты укпаганын айтып, пикир билдирүүдөн караманча баш тарткан. Уу-дуу болгонуна карабай бул маалыматты УКМК төгүнгө чыгарып же тастыктай элек. Канат Исаев тарап да тынч.

Мыйзам боюнча пара менен кармалган тараптан алынган акча тергөөчүдө сакталбайт, ал сотко далил буюм катары өткөрүлөт. Ал эми жогоруда кеп болуп жаткан 200 миң доллар өткөрүлгөн эмес.

Улан Чалбаев өткөн жылдын 16-апрелинде кармалган. Ошол убакта Чалбаев мурдагы депутат Карганбек Самаковдун жаза мөөнөтүн азайтуу үчүн аракет кылууга 500 миң доллар сураганы айтылган.

Булак: «Майдан»

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады