Бардык жаңылыктар

Энергетика тармагындагы техкоопсуздук талаптарынын бузулушу чоӊ кесепеттерге алып келиши мүмкүн

Жогорку Кеӊеште энергетика чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттеринин объекттерине толук жана сапаттуу текшерүү жүргүзүү максатында иштелип чыккан “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – КР Өкмөтү.

Экотехинспекциянын маалыматына караганда, энергетикалык коопсуздук өзүнө техногендик коркунучтун төмөнкүдөй жыйындысын камтыйт: электр коопсуздугу, өрт коопсуздугу, механикалык коопсуздук, экологиялык коопсуздук, өндүрүштүк коопсуздук жана жарылуу коопсуздугу. Энергетика тармагындагы техникалык коопсуздук талаптарынын, электр жабдууларынын иштөө режиминин бузулушу орду толгус кесепеттерге алып келет.

"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамда энергетикалык тармактын өзгөчөлуктөрү эске алынбай калган. Ошондон улам, сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр энергетика тармагындагы ишкердиктин субъекттерин алардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен текшерүүгө өбөлгө түзөт. Мыйзамга ылайык, жогорку тобокелдик даражасындагы объектилер жылына бир жолу гана текшерилет. Ошондуктан, текшерүүнүн жаӊы принциптерин аныктоо зарыл.

Текшерүү жөнүндө алдынала эскертүү экологиялык жана техникалык коопсуздукка терс таасирин тийгизүүдө. Алар текшерүү убактысын алдынала билип алышып, ченемдерди бузуу фактыларын жашырып, кетирилген кемчиликтерди үстүртөн жымсалдоо менен кутулуп кетүү амалын жасашат. Эгерде өрт боюнча гана алдынала билдирмени жиберүү жөнүндө ченем кабыл алынса, жалпысынан текшерүү жөнүндө билдирмени жиберүү зарылдыгы жоюлат.

Депутаттар ишкердиктин субъекттери жылына канча жолу текшериле турганына кызыгуу менен бирге, Экотехинспекциянын өкүлдөрүн электр энергиясынын берилүү сапатына өзгөчө көӊүл бурууга чакырышты. Экотехинспекциянын өкүлү мыйзам жоболоруна ылайык ишкердиктин субъекттери жылына бир жолу текшериле турганын, белгиледи.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады