Бардык жаңылыктар

Депутаттар тобу жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү демилгесин сунуштоодо

Жогорку Кеңеште жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун кароо жол-жоболору улантылууда. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин бири Акылбек Жапаровдун айтымында, КР Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы “Аймактарды башкарууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан. Ошондон улам, мыйзам долбоору аркылуу төмөнкү мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталууда:

- Кыргыз Республикасынын Жер кодексине;

- «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө»;

- «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;

- «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»;

- «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»;

- «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө».

Депутат башкы максат өлкөнүн аймактарын мамлекеттик башкарууда акимиаттардын ролун күчөтүү жана акимдерди дайындоо тартибин Конституцияга ылайык келтирүү, министрликтер менен башкаруу мекемелеринин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине карата акимдердин ыйгарым укуктарынын жоюу болуп саналат. Анткени, башкаруу теңсалмактуулугунун бузулушу мамлекеттик саясаттын аймактык башкарууга зыян келтирип, ыйгарым укуктардын тармактык башкаруу жагына кыйла оошуусуна алып келет.

Мыйзам долбоору менен төмөнкүлөр үчүн укуктук база түзүлөрү белгилүү болду:

- мамлекеттик органдардын колдонуудагы тармактык принцип боюнча башкаруу моделинен аймактык-тармактык башкаруу принцибине өтүүгө, райондун аймагында мамлекеттик аткаруу бийлигин уюштурулушун жана акимчиликтердин ролун бекемдөөнү түп-тамырынан карап чыгууга;

- акимдердин кош баш ийүүдөөгү органдарга таандык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине карата тийиштүү кадрдык ыйгарым укуктарды берүүгө;

- жер мамилелери чөйрөсүндө акимчиликтердин ролу менен жоопкерчилигин жогорулатууну караган мамлекеттин, жергиликтүү жамааттардын жер ресурстарын башкарууда жана тескөөдө тутумдаш мамилени белгилөөгө.

Эске салсак, өткөндөгү талкуу жүрүшүндө депутат Кенжебек Бокоев жер ресурстарын башкаруу механизмдерин тактоо зарылдыгына токтолгон. Ал эми депутат Аалы Карашев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын реформалоого эбак эле мезгил жеткенин айтып, депутаттарды мыйзам долбоорун кылдат карап чыгууга чакырган. “Мыйзам долбоорунда жалпыланып калган жагдайлар да бар экен, аларды азыртан конкреттештирүү зарыл”, - деген эле ал.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады