Бардык жаңылыктар

«Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылына катышы бар деп айыпталган активисттер соттолду

19-ноябрда Алматынын Алмалы райондук соту өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын ишмердүүлүгүнө катышууга айыпталган төрт активистке карата өкүм чыгарды.

Ага ылайык, Оксана Шевчук, Гүлзипа Жаукерова, Жазира Демеуова жана Ануар Аширалиев бир жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары көп балалуу Шевчуктан башкасынын баары коомдук жумушка тартылат.

Муну менен катар сот айыпталуучулардын бөгөт чарасын өзгөртүп, Шевчук, Жаукерова жана Аширалиев сот залынан бошотулду. Жазира Демеуова сентябрдан бери үй камагында болчу.

Сотто мамлекеттик айыптоочу ар бирин эки жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтирген. Прокурорлор алардын күнөөсү тергөөдө далилденгенин айтып, суракта басым-кысымга кабылганы тууралуу дооматтарды четке кагышкан.

Августта казакстандык укук коргоочулар айыпталуучуларды саясий туткундардын тизмесине киргизген.

«Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын бозгундагы банкир Мухтар Аблязов негиздеген. Ал буга чейин казак жарандарын өкмөткө жана бийликке каршы акцияларды өткөрүүгө чакырган.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады