Бардык жаңылыктар

The Times «Мисс Беларус-2018» сынагынын жеңүүчүсү менен Лукашенконун мамилеси тууралуу жазды

The Times гезити Беларус президенти Александр Лукашенко менен «Мисс Беларус – 2018» сынагынын жеңүүчүсү, ушул жекшемби күнү парламенттин төмөнкү палатасына эң жаш депутат болуп шайланган 22 жаштагы Мария Василевичтин мамилеси тууралуу жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, Василевич былтыр май айында сулуулар сынагын жеңгенден бери 65 жаштагы Лукашенко аны такай жандап жүрөт. Экөө бир катар фестивалдарга, хоккей оюндарына жана Орусиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионатына чогуу барган. Президент аны маданиятка жана кайрымдуулук иштерине кошкон салымы үчүн медаль менен сыйлаган. Ошондой эле Василевич сулуулардын дүйнөлүк сынагына катышканы жатканда анын даярдыгын Лукашенко жеке өзү көзөмөлдөгөн. Ал сынакта беларус сулуусу үчүнчү орунду алган.

Гезиттин макаласында Василевичтин саясий тажрыйбасы жок экени, ал парламентте жаштардын маселелерин көтөрө тургандыгы белгиленген.

Ушул жекшемби күнү Беларуста мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында оппозициянын бир дагы өкүлүнө мандат тийген эмес. Эл аралык уюмдар шайлоо «таза эмес, адилетсиз» өткөнүн белгилешип, добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тартышкан.

«Европадагы акыркы диктатор» деген каймана атка конгон Лукашенко Беларусту соңку 25 жылдан бери башкарып келет. Ал 1975-жылы үйлөнгөн, бирок өлкө башчысы болгондон бери коомчулук жубайы экөөнү чогуу көрүшкөн эмес.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады