Бардык жаңылыктар

Академик Сабырбек Жумабеков Россиянын Илимдер академиясынын мүчөсү болду

Россиянын илимдер академиясынын уставы боюнча дүйнө коомчулугуна таанылган башка мамлекеттердин окумуштуулары мүчө боло алат.


Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башчысы Сабырбек Жумабеков Россиянын Илимдер академиясынын мүчөсү болду. 

Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалат.


Ага ылайык, 15-ноябрда Илимдер академиясында жыйын болуп, анда мүчө-корреспонденттер менен чет элдик мүчөлөр кабыл алынган.


Россиянын илимий коомчулугунун катарын чет элдик бир катар окумуштуулар толуктаган. Арасында математиктер, физиктер, программисттер, энергетиктер, химиктер, биологдор жана башкалар бар. Ал эми Жумабеков Илимдер академиясынын медицина илимдери бөлүмүнө травматология жана ортопедия жаатында чет элдик мүчө болгон. Жалпысынан бул бөлүмгө сегиз жаңы мүчө алынган.


Жумабеков Россиянын Илимдер академиясына мүчө болуу ал үчүн сыймык жана жоопкерчилик экенин билдирди.


"Эми мен мурдагыдан дагы көп иштеп, бейтаптарга жеңилдик алып келүү үчүн аракет кылышым керек. Эмгектеримди жогору баалаган Россиянын окумуштууларына рахмат", — деди Жумабеков


Жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу аземи декабрдын башында өтөт.


Медицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабеков көп жылдан бери Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборун жетектеп келет. КР Улуттук илимдер академиясынын академиги.


Булак:Спутник.kg



Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады