Бардык жаңылыктар

Атамбаевдин жансакчысынын тарапташтары нааразылык акциясына чыгышты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин тарапкерлери бүгүн, 19-октябрда Бишкектеги Максим Горький паркына нааразылык акциясына чыгышты.

Алар бийликтен Сагымбаевдин ишин калыс териштирүүнү талап кылышты. Акцияда Сагымбаевдин жубайы Мээрим Бердибекова жолдошу камалгандан бери бир да жолу жолуга электигин айтып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

- Президенттен акыйкат чечим чыгарып беришин дагы бир жолу суранам. Жок дегенде төрт баланын убалынан коркуп, калыс чечим чыгарышса, - деди Бердибекова.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев быйыл 8-агустта Кой-Таштагы үйүнөн атайын операция учурунда кармалган. Сагымбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери катары анын жанында жүргөн. Ал 24-сентябрда кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 9-декабрга чейин камакка алынган.

Сагымбаевге «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдарынын же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» деген төрт берене менен айып коюлуп жатат.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады