Бардык жаңылыктар

Шылуундар бизге кырмычыкты да ыраа көрүшпөйт...

Элдик байлыктын каймагын шыпырып жеп кеткен шылуундардын аты, жөнүнө чейин билип калганбыз. Маселен, Аскар Акаевдин убагында Бирштейн деген көз боегуч жөөт чыга калып кыргыздын алтынын учакка салып мойсоп койгон. Албетте, жалгыз жеген жок, жандоочтору менен биргеликте какабай туруп ашап салды. Ошол тонналаган алтыны анын жото-жетесине чейин жетсе керек. Акыйкатта “Кумтөр аферасы ошол тунгуч ажонун учурунда башталып, азыркыга чейин бүтө элек. Бүгүнкү күндө 40 тай сугалакетар Кумтөрдүн “упчусун” соруп оокатын кылып жүрөт. Т. Чыңгышев, А. Муралиев сыяктуу лөктөрдөн кесип алса кан чыкпайт.

Экинчи президент Курманбек Бакиевдин башкаруусунда деле “жегич элементтерден” кутулбай, тескерисинче дарбып кетишти. Максимдин айланасына чогулган Белоконь, Березовский, Елисеев, Гурьевичтердин таландысында калган кыргыздарды жүз берген төңкөрүш кутултту. Болбосо суубуздан, электр энергиябыздан, кен байлыктарыбыздан куру жалак калмак экенбиз. Ошондо да миллиондогон долларды өлкөдөн чыгарып кетишип элдин ырыскысына эмдигиче жыргап келатышат. Тимеле кыйратып, ойротуп жибергенсип тойлорун өзгөчөлөнтө өткөрүп, ышкырып, бышкырып жыргал салган кездери. Алардын мышыгын “пыш” дегенге жарабаган бийликтин мыкчыгерлери таштап кеткен көмүскө схемаларын сары майдай сактап, өркүндөтүү менен алек. Эшмат кетсе кезек Ташматтыкы деген эле кеп. Же андай эмеспи?

Убактылуу өкмөттүн чеңгелинде калган калктын бактысы ачылып кетпеди. Тымызын “чертилген легенда” күүлөрдүн добушу башкача чыгып, жаңы “келемиштерге” кезмет келди. Кайсар, Утемуратов, Бажаев дегендердин акчасы ойноп далай майлуу жерлерди ошолорго байлап бердик. Азыр деле эпчилдердин жетегинде экенибизди алаканга салгандай баамдап турабыз. Жутайын, бузайын, жайлайын дегендер жеңин түрүнө астыртан акмалап, саресеп салганы айдан ачык көрүнүүдө. Тилекке каршы өкмөттүн “тойбостору” ылайыгын таап тигилерге чыйыр салууга куштар. Булардан сырткары кытайлардын табити биздин тоолорубузду, байлыктарыбызды көргөн сайын эселеп ачылууда. Жолду деле, белди дагын ээлеп алууга көзүн кызарткандардын саны жүз миңден ашып кеткени жай турмуштагы элдин омурткасын сыздатууда. Булар аз келгенсип арабдар да кастарын тигип мечит салымыш болуп арабызга сиңип кетип баратканы кооптондурбай койбойт. Эмнеси болсо да жейин деген эле шылуундар касиеттүү жергебизге кастарын артып турушканы жакшы жышаан эместир?

Булак:Ачык сөз гезити

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады