Бардык жаңылыктар

Жээнбеков Илхам Алиевди Кыргызстанга чакырды

14-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташуусу боюнча талкуулашты. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.
Өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелери каралып, Алиев эки тараптуу мамилелердин келечегин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын белгиледи.

“Саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулайбыз деп ишенем», - деп айтты Илхам Алиев. Ал Сооронбай Жээнбековдун Азербайжанга болгон иш сапары жемиштүү жана ийгиликтүү болоруна ишенерин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Азербайжан Кыргызстан үчүн боордош жана дос өлкө экенин айтып, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берилет деди. Жээнбеков Азербайжандын президенти Илхам Алиевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды. Алиев 2020-жылдын экинчи жарымында Бишкекке расмий визит менен келүүнү пландап жатканын айтып өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда Баку шаарына учуп кеткен. 15-октябрда Жээнбеков Бакуда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги саммитине катышат. Түрк кеңешин түзүү тууралуу келишим Нахчыван шаарында 10 жыл мурда түзүлгөн. Бул жолку саммитте Өзбекстан уюмдун мүчөсү болуп кабыл алынат. 


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады