Бардык жаңылыктар

Атамбаевдин сырдуу бизнес-өнөктөшү Субихи Пархати кармалды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштин алкагында, Атамбаевден «Медиа Форум» ишканасын сатып алган делген Субихи Пархати кармалды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-октябрда ага карата эч жакка кетпөө боюнча бөгөт чарасын аныктаганын аталган соттун расмий өкүлү Асел Равшанбекова билдирди.

- Соттун токтому менен эч жакка кетпөө бөгөт чарасы тандалды. Ага карата ушундай бөгөт чарасын тандоону тергөө сунуштаган.

Маалыматка караганда, Субихи Пархатини Аскер прокуратурасы кармаган. Бул боюнча Башкы прокуратура азырынча комментарий бере элек.

Эскерте кетсек, 2017-жылы А.Атамбаев «Форум» ЖЧКсын 54 миллион сомго бизнесмен Субихи Пархатиге саткан. Мурдагы президенттин декларациясында 2017-жылы бул акчалар көрсөтүлгөн эмес. Алыш-бериш учурунда сатып алуучунун төлөө мүмкүнчүлүгү жана анын акча булагы текшерилген эмес.

Пархати «Хуасинь» инвестициялык компаниясы” ЖЧКсы менен “Азия профессионал” ЖЧКсынын ээси. “Каржы министрлигин ачык бүджет” порталынын маалыматына ылайык, компаниялары экономикалык жактан активдүү эмес, эч кандай салык төлөбөгөн.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады