Бардык жаңылыктар

Кой-Таштан кийин каза болгон офицердин сөөгү жерге берилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) "Альфа" түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев, Бишкектин мэри Азиз Суракматов жана башкалар катышты.

Ниязбеков 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү операция учурунда алган оор жарааттан каза болгон. Ал жерде Атамбаевди суракка алып кетүү аракети жасалып, ишке ашпай калган. Мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча күбө катары суракка ага чейин үч жолу чакырылып, барбай койгон. Ал 8-августта кармалды.

47 жаштагы Ниязбеков Орусияда жашаган кыргызстандык акын Өктөм Маманованын уулу, эгиздин түгөйү. Артында алты баласы калды - улуусу 25те, кичүүсү бир жашта.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Август 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады