Курулуш тармагын гүлдөтүп жаткан – “Имарат-стройдун” ийгиликтери…

Майрамдык маанай…

Мына ушул жуманын эс алуу күндөрү Кыргызстанда курулушчулардын кесиптик майрамы белгиленет. Мурун  курулушчуларыбыздын кесиптик майрамы жалпы коомчулукка көп деле билинбей эле өтүп кетчү. Себеби, 1990-жылдардан кийин  бул тармак анчалык жанданбай, жалпы элдин көңүлүн өзүнө  азыркыдай бура албай келгени ырас. Ал эми  акыркы 10-15 жылда башка тармактар өнүгө албай аксап турганда, алардын ичинен курулуш тармагы алдыга суурулуп чыгып, дүркүрөп өсүп-өнүгүп жатат. Мына ошол өнүгүүгө өзүнүн барандуу салымын кошуп келаткан ата мекендик курулуш компанияларынын алдыӊкы катарында  “Имарат строй” курулуш компаниясы турат. Биз курулушчулардын майрамынын урматына дал ушул компаниянын бүгүнкү күндө мамлекетке кылып жаткан кызматы, пайдасы тууралуу азыноолок кеп кылууну туура таптык.

«Имарат Строй» курулуш компаниясы акыркы жылдары  бийик имараттарды куруунунжаӊы этабына өтүп, курулуш жаатында жалпы мамлекет үчүн чоӊ жаӊылык  жаратып, коомчулуктун көӊүлүн өзүнө буруп турган чагы. Бул компания курулуш тармагына өзгөчө бир жол салган – бренд компания болуп калды.
  
Бул компаниянын түптөлүү тарыхы 1996-жылга барып такалат. Андан бери далай суулар агып, чейрек кылымга жакын убакыт артта калды. Башка компанияларга  анык үлгүлүү иштерди көрсөтүп, элди суктанып келаткан  “Имарат стройдун” мынчалык бийик деӊгээлге чыкканы – анын негиздөөчүсү коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Иманалиев Бейшенбек Султановичтин талыкпас эмгеги менен тыгыз байланыштуу. Бейшенбек байкебиздин эмгек жолу  мындан 45 жыл илгери эле башталган. Жарым кылымга жакын мезгилдин ичинде өз колу менен Кыргызстандын булуң-бурчундагы жүздөгөн имараттарды куруп, өз элине өлбөс-өчпөс эмгек сиңирди. Ошого жараша мамлекеттик жана коомдук сыйлык-наамдар менен сыйланып, ар дайым сый үстүндө келатат. “Жашыңда берсин мээнетти, карыңда берсин дөөлөттүү” — деген ата –бабабыздын нарктуу сөзү Бейшенбек байкебизге төп келип турат.
   Учурда бул компаниядан 700-800дөй адам эмгектенип,  татыктуу  айлык алышып, үй-бүлөсүн багып жатышат. Компаниянын жылына мамлекеттин казынасына төгүп жаткан ар кандай төлөмдөрү 40 миллион сомдон ашат. Мындан тышкары, жыл сайын ар кандай кайрымдуулук иштерине да миллиондогон сомду сарптап, элдин батасына татып келет.

 
Албетте – ити чөп жеп, ийгилиги артып, гүлдөп турганы компания мамлекеттик мекемелердин имараттарын да ийгиликтүү  салып келет. Маалымат үчүн алардын айрымдарын санай кетсек:  Улуттук банктын имаратын  реконстурциялоо,   №25-мектеп, №8-мектеп, Чүй облустук ооруканасын да  капиталдык –оӊдоодон өткөрүү, Кочкордогу эки мектеп жана Нарындагы  Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектеп, “Хаят” мейманкасын куруу иштерине тыгыз катышуу, «Калипсо” аквапаркы, Манас аэропортундагы АКШнын мурунку аскердик базасы жайгашкан  ар кандай курулуш имараттары ж.б. Айтмакчы, 2014-жылы АКШнын ал аэропорттогу  аскердик  базасы чыгарылгандан кийин, “Имарат строй” салган курулуштун баары тең Улуттук гвардиянын балансына өткөнүн да баса белгилей кетишибиз абзел.
“Имарат строй” курулуш компаниясы башка жеке менчик курулуш компаниялардан айырмаланып: мамлекет мектептерди өз убагында сала албай каржалып  турганда, “өкмөт качан акча берет, качан ишти баштайм”- деп күтүп олтурбай,  өз акчасына  айрым курулуштарды белгиленген мөөнөтүнөн эрте  бүткөрүп, ишке берген учурлары да болгон. Буга мисал катары Кочкордун Ак –Жар айлындагы 300 окуучудай окуй турган жаркыраган  мектепти 24 миллион сомго 2 жылга жеткирбей (өкмөттүн планы боюнча 3 жыл деп эсептелген) салып бергенин айтсак болот. Ошондой эле Бейшенбек байкебиз ушул айылга өз каражатына (7-8 миллион сомго)  жаркырган, керемет гүл –бакча куруп берди. Мына элим деген эр-азаматтын жасай турган жакшы иштери дал ушундай болот эмеспи.  
Айтылуу куруучу агабыз  өзү түптөгөн “Имарат стройду”  учурда   көптөгөн  компаниялардан кыйла айырмаланып башкача нук, башкача ыкма менен иштетти. Биринчиден өзү жаштайынан нечендеген союздук курулуштарды куруп, чоң тажрыйба топтогон инсан  болгондуктан сапат маселесине жана ар бир салган имараттардын сырткы кооздугуна  абдан  басым жасаганы байкалып турат.
 

Маселен, бул сөзүбүзгө далил катары Бишкектин чок ортосуна салган 18 кабаттуу “Империал” турак – жайын айтсак болот. Аталган турак жайына “Имарат  строй” компаниясы абдан көп каражат сарптаганы сырткы кооздугунан эле байкалып турат.  Эмнеге дегенде, биздеги ондогон курулуш компаниялары сырткы кооздукка көңүл  бурушпай, көп кабаттуу үйлөрдү союз учурундагы  колхоздун ак койлоруна окшоштуруп эле, “коробка-коробка” кылып эле салып жатышат.


Чынында кээ бир компаниялар  “Империалга” кеткен каражатка бир эмес, эки  көп кабаттуу үй куруп салмак. Эгер баардык компаниялар “Имарат стройдон” үлгү алып иштегенде, бүгүнкү күндө борбор шаарыбыз көркү жана курулган имараттардын сапаты кыйла башкача болмок. Бекеринен “Имарат строй” компаниясы Кыргызстанда эле эмес, чет мамлекеттерде да мыкты деп табылып, абройлуу сыйлыктарга ээ болуп жаткан жок.


Чынында андай сыйлыктар  таман- акы маңдай тер, түмөн түйшүк, зор эмгек менен келип жатканын баса кетишибиз  керек.  “Имарат -стройдун” “Империалынан”  Бишкекке салынган: “Алтын булак”, “ Манчестер», «Тумар»   турак –жай курулуштары  да көрк  көрк  кошуп   жатканы талашсыз. Ал эми Ысык-Көлдүн Бос-Тери айылына салынып жаткан   «Имарат Резорт» деп аталган эс алуу борбору да  өзүнчө чоң сөз кылууга арзыйт.

 
Биз “Имарат строй” курулуш компаниясын мындан ары да арыбай, талбай мамлекетибиз үчүн абдан мыкты курулуштарды куруп, курулуш тармагын дагы да гүлдөтө беришине тилектешпиз. Майрамыңыздар кут болсун, урматтуу курулушчулар!
                                                                       
Булак: Багыт