
Үстүбүздөгү жылдын, 3-декабрь күнү саат 12:00 дө «Дамас» отелинде Өмүрбек Текебаевдин "Элгезит" маалымат агенттигине берген маектери камтылган китептин бет ачар аземи болот. Аталган иш чарага коомдук-саясий жана маданий ишмерлер катышаары маалым болду.
Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев мурдагы бийликтин тушунда саясий куугунтуктун негизинде жалган жалаа менен камакка алынган. Ага карабастан Текебаев сынып калбай, адилеттүүлүк үчүн күрөшүн абактан да улап, ЖМКларга ар-кыл багыттагы маектерди берип, өзүнүн саясий позициясын билдирип турган. Анын алкагында журналист Динар Турдугулова Текебаевдин маекетерин топтоп "Түрмөдөн кат" аттуу китепти жазып чыккан. Кийин Текебаевдин саясий ишмердүүлүгү камтылган "МИССИЯ" аттуу китеп басылып чыкты. Кыска аралыкта Өмүрбек Текебаев тууралуу үч китеп жарыкка чыгып олтурат.
"Ак ийилет бирок сынбайт" демекчи, Текебаевке коюлган айыптардын бири дагы суу кечпей, жокко чыгарылып бошоп чыкты. Ушул тапта соттук иштери уланып, акталуу стадиясына жакындап баратат. Тескеричинче, Текебаевке ор казгандардын баары түгөл тобу менен өздөрү казган орго түшүп калышты. Кыргызда "бирөөгө ор казсаң өзүңө зындан" же "ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп каласың" деген кеп бекер айтылган эмес тура...
ЧЫНДЫК