Бардык жаңылыктар

Жогорку Кеӊеш республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорун 3 окууда кабыл алды

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу”, “КР 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “КР 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралып, жыйынтыгында мыйзам долбоорлору 3 окууда кабыл алынды.

“Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунда мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2020-жылга жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 27,5 пайыз деңгээлинде болжолдонот. 2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 млрд 710 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 24,5 пайызына каралат. 2020-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 млрд 663 млн сом деңгээлинде белгиленген (ички дүң өнүмдүн 26 пайызы). Ал эми 2020-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 млрд 953 млн сомду же ички дүң өнүмдүн 1,5 пайызын түзөт. 2020-жылы бюджеттин тартыштыгын жабууга 9 млрд 953 млн сом өлчөмүндө каржылоо булактары каралган: ички булактар боюнча 3 млрд 106 млн сом өлчөмүндө оң сальдо жана тышкы булактар боюнча 6 млрд 847 млн сом өлчөмүндө оң сальдо.

Жыйын «суроо-жооп» иретинде өтүп, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон Өкмөт мүчөлөрү жооп беришти. Талкуу жүрүшүндө депутаттар өлкө экономикасынын салык жана бажы тармактарына кошумча киреше булактарын табуу, коррупциялык күңүрт схемаларды жоюу боюнча талапты кыйла күчөтүү, көмүскө экономиканы көрүнөө алып чыгуу аракеттерин жандандыруу, айрыкча орто жана чакан бизнес чөйрөсүндө орун алган салыктык жашыруу жосундарына көзөмөлдү күчөтүү, экономикалык кышмыштардын алдын алуу чараларын иштеп чыгуу, бюджеттик каражатты өз багытында сарамжалдуу пайдаланууну арттыруу зарылдыгын белгилешти.

Мындан сырткары, жыйын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралып, кабыл алынды.

Тектеш кабарлар
Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев: “Социалдык фонддун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 57 млрд 796 млн сом көлөмүндө түзүлдү
Куш кабар // 21-11-2019, 15:18
Жалпы республикалык бюджеттин 1,7 млрд. сому социалдык тармактарга каралууда
Куш кабар // 29-10-2019, 11:12
Депутат Тариел Жоробеков: «Өткөн жылдагы кемчиликтер быйыл дагы кайталанып жатат, бекитилген суроо-талаптар өз учурунда каржыланбай калды»
Куш кабар // 21-10-2019, 15:16
Өкмөт «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун жактырды
Куш кабар // 27-09-2019, 14:57
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет
Куш кабар // 22-04-2019, 16:58
Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 17:19
ВИДЕО - Темир Сариев учурда өлкөдө болуп жаткан ар-кыл көйгөйлөр тууралуу катуу айтты
Видео // 16:58
Өмүрбек Текебаев, экс-депутат: “Мен интервьюларымда Атамбаевди көп эстептирмин, демек, китепте ал жөнүндө сөз болот…”
Видео // 15:53
Депутат Дастан Бекешев получил квартиры обманывая государство - Общество слепых и глухих КР
Видео // 16:29
Төрага Дастан Жумабеков Министрге кайрылып: “Биз жүгөрү кайтарып олтурган жокпуз. Кулагыбызга кесме илгенди токтоткула”
Видео // 12:57
ВИДЕО - Ириген Ирина Карамушкина президентке импичмент маселесин көтөрөм деп, кесиптештеринен муш жеди...