Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия мамлекет башчыларынын Экинчи консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн 29-ноябрда Өзбекстанга барат.
Расмий кабарга ылайык, Ташкенттеги жыйынга Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын президенттери жана Казакстандын биринчи мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев катышат. Алар аймактык кызматташууну кеңейтүү маселесин талкуулап, аягында декларация кабыл алынат.
Жээнбековдун өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу да болот.
Борбор Азия мамлекет башчыларынын биринчи консультативдик жолугушуусу 2018-жылдын 15-мартында Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өткөн.
Тектеш кабарлар
Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев менен кызматташуунун келечектерин талкуулады Куш кабар // 29-11-2019, 12:58 |
Кыргызстандын 2018-2019-жылдагы жетишкендиктери: Тышкы саясат Куш кабар // 18-11-2019, 11:49 |
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон Коом // 12-10-2019, 14:54 |
Толгонай Стамалиева Атамбаевге жооп берди Куш кабар // 9-04-2019, 18:00 |
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетти Аалам // 19-03-2019, 19:31 |