Грузияда полиция 28-ноябрь күнү эртең менен Тблисидеги парламенттин айланасындагы көчөлөрдү тосмолор менен тосту. Имаратты кайтаруу күчөтүлдү. Анын алдында оппозиция бейшембиде шайлоо системасын өзгөртүү талабы менен кайрадан нааразылык акциясын өткөрөрүн жарыялаган.
Грузиянын премьер-министри Георгий Гахария өкмөт жыйынында жарандарды өлкөнү туруксуздаштырууга жол бербөөгө чакырды. Ал бардык мамлекеттик кызматкерлерди кадимки режимде иштөөгө үндөдү.
Тбилисиде нааразылык акциялары 14-ноябрда башталган. Буга парламентте 2020-жылга белгиленген шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүү жоболору каралган мыйзам долбоору кабыл алынбай калганы себеп болгон. Демонстранттар ошондон тартып парламенттин алдындагы аянтка чатыр тигип, мөөнөтсүз акция башташкан.
Грузияда азыр аралаш шайлоо системасы колдонулат. Парламенттеги 150 депутаттын 77си пропорционалдык, ал эми калганы мажоритардык система менен шайланат. Өлкөдө кезектеги парламенттик шайлоо кийинки жылы өтөт.
Быйыл жайында да Тбилисиде миңдеген адамдар көчөгө чыгып, шайлоо системасын өзгөртүүнү талап кылышкан. Анда эл менен полиция кагылышып, жалпысынан 240 адам жабыркаган болчу.
Тектеш кабарлар
Грузияда парламентти курчаган демонстранттарга кайрадан күч колдонулду Аалам // 26-11-2019, 16:22 |
Тбилисиде миңдеген адам парламент имаратынын алдына чогулду Аалам // 26-11-2019, 12:41 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет Куш кабар // 22-04-2019, 16:58 |
ЖАҢЫ МАЕК - Өмүрбек Текебаев: «Азыркы бийлик эки ыңкылапты эске алышы керек» Маек // 6-04-2019, 19:08 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет Куш кабар // 12-03-2019, 14:53 |