Кыргыз өлкөсүндө чоооң саясий оюндар козголо баштаганы берилген маалыматтардан даана көрүнө баштады. Буга чейин мамыр-жумур болуп жашап келаткан байбачалардын көз караштары өзгөрүп кетти десек болот. Айеркен Саймаитинин өлүмүнөн сыртта калбай, өзүлөрүн колдон келишинче оң тарабынан чампалатууга кеткен тыйынына кайыл болгон “тиштүүлөр” мен жөн эле тааныш болчумун уйгур бизнесмен менен деп актанууга, сактанууга өтүштү.
Ошентсе да тузакка Алтынбек Сулайманов, бажыдагы башкы каарман, мурдагы өлкө башчысы, “Душка” жана башкалар илиништи. Албетте, мындан ары карай архивдеги сүрөттөрдү үстүгө калкытуу операциялары сөзсүз уланат дечи. Акча деген ар кандай “шайтандарга” туш кылат турбайбы. Чамасы дагы далай капчыктуулар, “каралар”, кызылдар көңдөй чабылат шекилди. Айрыкча сыпаттап жазууга кудурети жеткендер, сайтчылар, хайпчылар, узун кулак “ушакчылар” митингчилер мындайда катуу барк-баага ээ болуп кетишет. Ошол үчүн Бабановдун, Төрөбаевдин, Келдибековдун, Текебаевдин, Отунбаеванын, Исаевдин, Шакинин, Салымбековдун эшигин сагаалагандар арбышы күтүлүүдө. Калган “элитамын” деп какагандардын деле тилин табышса кысыр калышпастыр, ботом. Айтор, тузак, капкан, шибеге, пахта койгондордун маалы келип турат. Тешигиңерди бүтөп алууга чамдагыла, эпчилдер!
Булак:АЧЫК сөз гезити
Тектеш кабарлар
Атамбаевдин акылы ордундабы? Сүйлөгөн сөздөрү шектенүү жаратат... Саясат // 4-07-2019, 13:26 |
Эрнис АСЕК уулу, журналист: «Эртең менен Акыйкатты аңдап, кечинде ажалыңа тике карасаң болот» Маек // 16-05-2019, 09:24 |
Ө.Бабанов: "Бул эртең эмес, бүгүн ишти жаап туруп, Өмүрбек Чиркешовичке депутаттык мандатты кайтарып беришибиз керек" Маек // 9-04-2019, 23:38 |
МААНИЛҮҮ МАЕК - Мелис Мырзакматов: “МАГА ЭЧ КИМ, ЭЧ КАЧАН КОРРУПЦИЯ БОЮНЧА КИНЕ КОЙГОН ЭМЕС...” Маек // 23-03-2019, 07:36 |
Маанилүү МАЕК - Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Акыркы күндөрү Атамбаев күн тартибин аныктап калды” Маек // 22-03-2019, 15:27 |