Бардык жаңылыктар

Абылгазиев бажыдагы коррупцияны жоюунун жолун айтты

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жалпы жыйынында 2019-жылга республикалык бюджет тууралуу маалымат берип жатып, бажыдагы коррупцияны жоюунун жолдорун айтты.

Абылгазиевдин айтымында, бажы системасындагы бардык процедураларды санариптештирүү адам факторун азайтуунун бирден-бир жолу.

—Бажы тармагын толугу менен санарипке өткөрөбүз. Азыр бажыдагы жемкорлукту ар кандай персоналарга байлап жатабыз. Мындан кетүүнүн бир гана жолу – бажы системасындагы процедуранын баарын санарип формага алып келишибиз керек. Бул тууралуу президент да айтты. Ташып келүүдө эсепке алынбаган товарлардын баары ушундай жол менен эсепке алынат. Мына быйыл бажы посттору заманбап техникалык база менен жабдыла баштады. 472 видео-камера орнотулду. 5 бажы постторуна инспектордук көзөмөлдөөчү комплекс коюлду.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда бажыдагы коррупциялык схемаларды аныктаган журналисттик иликтөө жарыяланган. Анда айтылган фактыларга Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын туугандарынын тийиштиги бар экендиги айтылган. Коомчулук бул фактылардын негизинде чара көрүүнү талап кылып, 25-ноябрда тынчтык митингин өткөрүштү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети журналисттик иликтөөдөгү фактылардын негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 17:19
ВИДЕО - Темир Сариев учурда өлкөдө болуп жаткан ар-кыл көйгөйлөр тууралуу катуу айтты
Видео // 16:58
Өмүрбек Текебаев, экс-депутат: “Мен интервьюларымда Атамбаевди көп эстептирмин, демек, китепте ал жөнүндө сөз болот…”
Видео // 15:53
Депутат Дастан Бекешев получил квартиры обманывая государство - Общество слепых и глухих КР
Видео // 16:29
Төрага Дастан Жумабеков Министрге кайрылып: “Биз жүгөрү кайтарып олтурган жокпуз. Кулагыбызга кесме илгенди токтоткула”
Видео // 12:57
ВИДЕО - Ириген Ирина Карамушкина президентке импичмент маселесин көтөрөм деп, кесиптештеринен муш жеди...