Нuman Rights Watch уюму Кытайдын Кыргызстанга орнотулган кишинин жүзүн аныктоочу камералары тууралуу расмий билдирүү таратты. Анда «Коомдун, жол кыймылынын коопсуздугу деген себеп менен Кыргызстанга орнотулуп жаткан жүздү аныктоочу санариптик система жергиликтүү элдин жеке маалыматын чогултуп, топтоп жатат.
Ал маалыматтарды андан ары эмне кылары белгисиз. Кыргызстан калкынын жеке жана башка маалыматы кантип чогултулуп, кайда сакталат жана кимге берилет – бул жагы белгисиз. Ички иштер министрлиги эл аралык донорлордун жардамы менен Бишкекке адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера алынып келип, орнотулуп жатканын мурда билдирген.
– «Коопсуз шаар» долбоору боюнча Кытай өлкөсү тараптан орнотулуп жаткан камералар сизди кандай ойго салууда?
– Биз эгемендүүлүк жылдарында өндүрүштү биротоло талкалап бүттүк. Инженер, технолог жаратмандык ишкер деген түшүнүк коомубуз үчүн жат көрүнүш болуп калды. Билимдүү, таланттуу мекендештерибиз акыркы үч жылда өлкөдөн массалык түрдө чыгып кетип жатат. Азыр видеокамералар менен шаарлардын же жалпы эле өлкөнүн коопсуздугун кароо эч кандай деле жаңылык эмес. Санариптик технология болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Биз болсо бул технологияны негизинен кытайлардын колуна салып берип койдук, тилекке каршы. А чынында өзүбүздүн колубуздан чыгарбашыбыз керек эле. Коопсуздук маселесин биротоло кытайлар өз колуна алып алышты. Толук көз карандылыкка өтүп бара жатабыз. Башка түшүндүрмө болушу дагы мүмкүн эмес!
Булак:Азияньюс гезити
Тектеш кабарлар
Сооронбай Жээнбеков: “Менин милициям мени коргойт” деген ишенимди ар бир жарандын көкүрөгүнө орнотуу – эң башкы милдет Куш кабар // 1-11-2019, 12:12 |
Эксклюзив маек - Аскар Акаев үч коркунучту айтты... Маек // 18-10-2019, 13:08 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү боюнча өлкөбүздү региондогу алдыӊкы орунга алып чыгууну максат кылдык Куш кабар // 4-10-2019, 16:00 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет Куш кабар // 22-04-2019, 16:58 |
МААНИЛҮҮ МАЕК - Садыр ЖАПАРОВ, экс-депутат: “Түрмөлөрдө 50-60 пайыз күнөөсүз адамдар отурушат” Маек // 24-03-2019, 12:11 |