Бардык жаңылыктар

Жээнбековдун досу жана мураскери ким?

Саясатка ой-толгоолор

Кыргызстан эгемендик алганы саясий-экономикалык кризистен арыла албай келет. Саясий кризистен десем туура болор. Арабаны аттын алдына чиркеп саясат менен гана алпурушуп келебиз. Анткени, экономикабыз шал ооруга чалдыгып, араңжан абалда. Экономиканын мындай өлүк жан абалы саясий режим үчүн жагымдуу жагдай жаратууда. Дегеним, саясат экономиканын “айыгып”, өсүп-өнүгүүсүнө кызыкдар эмес. Себеби, жемкорлукка ушундай илең-салаң абал жагымдуу. Көзкандысыздыка жетишкени  инфляция менен девальвацияны эске алсак экономикадан терс көрсөткүч гана көрүүгө болот. Базар экономикасы, капиталисттик коом дейбизби, замандын талабына жараша карапайым эл өз арабасын тартып, көртириликтин күнүн кечирип жатса жеке ишкерлердин, бизнес чөйрөсүнүн саясатка көз карандылыгы мамлекеттик саясаттын да коммерцияга айланып калганын айтып турбайбы.

Анан калса кызылкулак, жемкор көпөстөрдүн мамлекеттин жогорку бийлик бутактарын ээлеп, башкаруучу таптын катмарын түзүп калганы капитализимдин эволюциялык мыйзамы бузулуп, жапайы капитализимдин үстөмдүгү орноп, авторитардык режимдин жаралышына шарт түзүүдө. “Турмуш-тиричилик аң-сезимди аныктайт”- деп марксистер айткандай капиталисттик системанын, базар экономикасынын түпкү маңызында пайда, байуу, дүнүйө артынан кубалоо жатканын акыры орто тапты пайда кылып, демократиялык коомдун жаралышына алып келген Батыш цивилизациясынын баалуулуктары экени да ырас. Бирок, терең тамыры, калың кыртышы бар кыргыз баалуулуктары бөтөн элдикин тааный албай атканы мыйзам ченемдүү жана аны жаңы тарыхыбыз тастыктап турат.  
Падышалык Орусиянын, кийин Совет мамлекетинин курамында 1.5 кылымдай жашаган эл эгемен мамлекетине ээ болду. СССРдин кулашы андан бөлүнүп эгемендикке жетишкен мамлекеттерди көз ачып жумганча жерип келген капиталисттик дүйнө менен беттештирип койду.  Өнүккөн социализимден коммунизимге жетүүгө саналуу жылдар калган Советтер Союзу да капитализимдин, Батыш цивилизациясынын алдында алсыздыгын көрсөтүп кыйроого дуушар болду.

“Имперализим өзүнөн-өзү чирип жок болот” деген коммунистер бир заматта асмандан түшкөн байлыкка чөмүлүп, капиталистке айланган саясий элитаны  жана жарды катмарды пайда кылды. Союздан калган экономиканы либералдаштырып, демократиялык коом кургусу келген Акаевдин аракетинда алашемдик, тажыйрбасыздык бар экенин талап-тоноого жол берип ордун толтурууга иш-чара көрүлбөй мезгил агымына кое берген эстен тандырган реформасы элди дендароо кылып, чайга талкан чалып ичип калган мезгил да болду. Өнөр-жайды, өндүрүштү менчиктештирүүнүн шылтоосу менен уурдап алгандар товар өндүрүп, жумушчу табын түзүп, экономиканын кыймылдаткыч күчү болгон капиталистти жаратпай, тескерисинче башкаруу бийлигинин саясий  капитализимине  айланган таптын үстөмдүгүндө жашап калдык.  
“Коррупция Ак үйдүн жетинчи кабатына жетти, силерди Манас атанын арбагы урсун”- деген каргышы өзүнүн жана Бакиевдин башына тийбесе калганынын башынан кыйгап  кетип, тескерисинче жемкорлук башкаруу бийлигинин, саясий системанын жазылбаган мыйзамына, эрежесине айланды. Коррупция авторитардык, үй-бүлөлүк башкарууну пайда кылды. Бийлик бутактары, саясий элита мамлекетти саясий режим менен алмаштырып алды. Өзөгүн жемкорлук түзгөн саясий режим коррупцияны ооздуктайт деген карышкырга кой кайтарткандай кеп да.  2010-жылы Башмыйзамды өзгөртүп, парламенттик республикага ыктаганыбыз менен жеке бийликтин үстөмдүгү жана жемкорлук ого бетер күч алды. Атамбаевдин көздөй кадрларын, жан-жөөкөрлөрүн жоопко тартканыбыз менен аларды кызматка дайындаган экс-президенттин жоопкерчилиги каралган жок. Жок дегенде шалаакылыгы, кызматына кыянат кылгандыгы, Башмыйзамдагы ыйгарым укугунан аша чапкандыгы, антын бузгандыгы деген өндүү жүйөө артылмак турсун, кол тийбестигин да коргоп аткан коррупциянын күчүн карачы.   
Менимче, мөөнөтүндөгү ыйгарым укугунан кийинки  жөнөкөй жарандык  укугу өйдө туруп калып атпайбы. Башмыйзамдын кепили болгон экс-президенттерди Кудайдын мурдунан түшкөндөй кастарлап бирок мыйзам бузуп, кылмыш жасаса жоопко тарта албасак мамлекетүүлүк жөнүндө сөз кылууга болобу? Татыктуу башчы чыкса төбөсүнө көтөрүп алганга андан чоңго да даяр эл. Ак кызмат кылып, элдин сый-урматына, алкыш-батасына арзыгандан  артык эмне бар? Уурулардын башында турган адамды  жоопкерчиликке чакырып, жоопко тарта албаган  бийликтин жемкорлук  менен күрөшүнөн майнап чыгарына көпчүлүк ишене албай турат. Акыры ушундай күнгө туш келерине карапайым калктын көзү жеткен экен.  Жемкор бийликке кор болуп турушса да  “Акаевди шайлаш керек, ичип-жеди, тоюнду, эми дагы бирөө келип тоюнгуча качан?”- деп үчүнчү мөөнөткө бараткан качкын ажону колдогон элдин сөзүнө таң калганым бар. Адам көзү эмнеге тойорун билип турушса да “тоюнду” деген карапайым түшүнүктүн артында ичип-жегенин акыры бөлүшөр элине, мамлекетке кызмат кылар деген астейдил үмүт, айла-амал жаткандай. Карапайым элдин кыраакылыгын, көрөгөчтүгүн турмуш тастыктап, Акаев өзү түзгөн саясий режимдин туткунунда калып курмандыгы болду. 

Анын чапкан “дангыр” жолун кеңейткенге гана жан үрөшкөн Бакиев менен Атамбаевдин саясий тагдырын эл алдыртан, күн мурунтан көрүп койгондой. Бири-биринин фонунда  аксынгандары менен элдин эсинде, тарыхта кара тамга менен калышары турган нерсе. Мезгил таразасынан, эл сотунан калыс эч нерсе жок.  Миңдеген жыл тарыхы, терең тамыры бар эл башынан кандай күндөрдү, кыйынчылыкты кечирбесин өткөнүнө, турмуштук тажыйрбасына, табыйгый инстинктине таянуу менен сакталып гана калбай өсүп-өнүгүшү жаратылыш мыйзамы эмеспи. Совет мамлекети да курамындагы республикаларга өзгөчө көчмөн цивилизациясындагы Орто Азия элдеринин турмуш-тиричилигине кескин өзгөрүштү, бурулушту жаратып, жаңы баскычка көтөргөн модернизацияны, Ренессанс доорун алып келди.
Улуу жана орто муун эски замандын таасиринен арыла алышпаса, жаш муун ааламдашуу дооруна азгырылды жана исламдашуу процессине кабылды. “Кыргыз болуп төрөлүп, орус болуп жашап, араб болуп өлөбүз”- деп С.Жигитов айткандай бүгүн араб болуп да жашап калдык. Исламдашуу процесси менен батыштын либералдык демократиясына умтулган бийликтин  жүргүзгөн саясатынан айкалышты көрбөй турам. Батышка, бөтөн баалулуктарга ыктаган саясат башкаруу табынын кызыкчылыгына гана жооп берип  калгандай. Батыштануусуз коомду модернизациялоо, анан калса демократиялык коом куруу мүмкүнчүлүгү аз экенин мусулман мамлекеттеринин тарыхы айгинелеп турганын эске алсак , кыргыздардын демократияга умтулуусунан көчмөн цивилизациясынын таасирин көрсө болот. Буга Турция мисал болуп бере алат. Осмон империясынын курандысынан, ислам өткөнүнөн батыштанууга жана модернизацияга багыт алган жаңы Турция мамлекетин түзгөн Мустафа Кемалдын реформасы айкын далил. СССР кулап эгемендик алган Кыргызстан менен Турция тегибиз бир түрк элинин урпактары экенибизди, маданиятыбызда, дүйнө таанымыбызда Алтай цивлизациясынын негизин түзгөн Теңирчиликтин духу, руху согуп турганы да чын. Турция мусулман мамлекеттеринин арасынан светик өлкөгө айланышына жана ислам дүйнөсүндөгү экономикалык, согуштук кубаттуу держава болуп чыга келишине да көчмөн цивилизациясынын таасири чоң болгону талашсыз. Египеттин 19-кылымдын башындагы  батыштануусуз техникалык модернизациясы жана кылым аягындагы батыштын маданияты менен исламды элдештирүүгө болгон эки жолку аракетинен да майнап чыккан жок. Ошондуктан Алтай цивилизациясынан тараган түрк элдеринин ислам цивлизациясынын өлкөлөрүнө караганда батыштанууга жана модернизацияга ыктаганыны жөнү бар. Совет доору да кандайдыр бир денгээлде Орто Азиянын постсоветтик өлкөлөрүн модернизациялоого түрткү, көмөк берди. Ошондой болсо да СССРден калган илимий-техникалык, интеллектуалдык, саясий-экономикалык жетишкендик  баары бир бизди батышка жакындата албасын, батыш цивилизациясындай  көчмөн цивилизациябыз бар экенин турмуш көрсөтүүдө. Көчмөн цивилизациясынын өзөгүн түзгөн Тенирчиликтин  үрп-адатыбызда, каада-салтыбызда, дүйнө таанымыбызда  жашап жатканына маани бербейбиз. Тарыхыбыз бурмаланып, улуттук маданиятыбыз чектелип, орусташуу саясаты жүрсө да миңдеген жыл калыптанган баалулуктарыбыз Ала-Тообуздун ак мөңгүсүндөй сакталып турду. “Ат айланып мамысын табат” дегендей, Советтер Союзу кулаганы кайра башатыбызга кайрылып жатканыбыз да мыйзам ченемдүү нерсе. Бирок, азыркы заманга, ааламдашуу дооруна туруштук бергидей ыраатуу улуттук саясаттын, мамлекеттик идеологиянын  жоктугу, мезгил агымына кое берген көзкарандылык кооптонтпой койбойт. Ырас, Манастын 1000, мамлекеттүүлүктүн 2200 жылдыгы, Көчмөндөр оюндары бийликтин демилгеси экенин улуттун духун, мамлекеттин абройун көтөргөнүн тана албайбыз бирок, саясий-экономикалык саясатыбыз, социалдык абалыбыз улуттук улуу мурастар менен шайкеш келбегени өкүнүчтүү. Ар бир жылды дымактуу демилге, ураандар менен жарыялап элди алаксытып, тил эмизип, итке минип калган экономиканы, коррупциялык режимди жашыргылары келет. Өткөнүбүз, тарыхыбыз бир тектеш коңшу элдер экономикалык, коопсуздук жактан көз карандысыз жана көп векторлуу саясат жүргүзүүдө. СССРдин мурасы бирдей тең бөлүнсө да өнүгө албай кетенчиктеп келебиз.  Алардын нефти, газы бар болсо биздин да ырыскыбыз ашса ашаар эгерим кем эмес.

Тарыхый жактан Орто азиянын көчмөн элдеринде уруулук окшоштуктун (идентичность)  мааниси чоң  болгон.  Мамлекеттен урууга, кланга, үй-бүлөгө берилүүдөн бүгүн да арыла албай келебиз. Коңшулар кыргыздардан эрте отурукташып хандык бийликти көрүшкөн жана уруулук түшүнүгү солгундап калган. Муну мамлекеттин ички-жана тышкы  саясатындагы өңүтү айгинелеп турат. Бирок, кыргыздардын уруулук окшоштугу жаратылышка жуурулушкан көчмөн турмушун, табигый өзгөчөлүгүн туюндуруп, улуттук окшоштуктун бир бутагын түзүп келди. Тоңго барып калганымда жол боюндагы барандуу айкел-эстеликтерди алгач көргөнүмдө улуттун баатыры болсо керек деп ойлогом. Көрсө, уруунун баатырлары экен. Карапайым элдин башатына кайрылып, баатырын издеп жатканын түшүнсө да болот. Өткөнүн, тарыхын санжырадан, оозеки чыгармалардан билип, баатырынан адилеттүүлүктү, акыйкатты, калыстыкты көрүп келген эл бүгүн улуттук баатырын издеп жаткандай.  Бир-эки кылым мурда өткөн баатырын эш тутуу менен миңдеген жылдык тарыхына, баатырына муктаждык жаралгандай. Тарыхыбыздын тартылуу күчүнө таянбай, келечекке таштаган кадамыбыздан аксап, кетенчиктеп атабыз. Түпкү тарыхынын учугун улап, кылымдар бою маданияты менен жашап келген кытайлар “кытай акылмандыгы фундаменталдык принциптер үчүн, батыш акылмандыгы тиричиликке колдонуу үчүн” деген ураанды колдонушса, япондуктарга “япондук дух  жана батыш техникасы”- деген ураан болуп берди. Кытай цивилизациясынын незизин түзгөн Конфуцийдмн окуулары Кытайдын жанан анын коомчулугуна кирген өнүккөн, өнүгүп жаткан Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн маданиятына да таасирин тийгизди. Биздин Манас атабыз башында турган улуу дастандарыбыз, жашообуздун жазылбаган мыйзамына айланган макал-лакаптарыбыз, үрп-адатыбыз, каада-салтыбыз, нарк-насилибиз ата-бабабыздын нарктуу-салтуу коомун жаратып, улут катары сактап келди. Ошондуктан “Кыргыз көчү жана Батыш техникасы” деген ураанды сунуштагым келет. Улуттук баалуулуктарыбызга таянган саясат менен батыштын илимий-техникалык жетишкендиктерин айкалыштыра алсак гана өнүгүү жолуна түшөрүбүзгө бөркүмдөй ишенем. Көчмөн цивилицациясы да Батыштыкына караганда Чыгыштыкына жакын эмеспи. “Адамдын улуулугу бою менен өлчөнбөгөндөй эле элдин улуулугу да саны менен өлчөнбөйт”- деп В.Гюго айткандай, улуттук маданиятыбыз, баалуулуктарыбыз башкалар менен теңата турганыбызды айтып турат. Ачык, укуктук, демократиялык коом кургубуз келген арекетибиз да каныбыздагы нерсе. Бирок, өткөнүбүзгө таянбай, ата-бабабыздын жолунан адашып, Батыш коомунун үлгүсүнө жамынып авторитардык, үй-бүлөлүк, партиялык-кландык бай-манаптардын, көпөстөрдүн, саясий буржуйлардын үстөмдүгү орногон режимди түзүп, Кыргызстанды Орто Азиядан Африкага алып бардык. Швейцарияга багыт алдык эле го…  Дымагыбыз асманды чапчып,  Батышка караганыбыз менен жаш муундарга татыктуу билим-тарбия бере албай, мезгил агымына кое берип, карангылыктын жөө туманы каптап келет. Илим-билимге чаңкап, улуу максаттарга өрөпкүп, талпынган курагында кош көгүлдүк басып, кайдыгерликке алдырып жан сактоонун айынан чет элге тентип кетүүдө.  Өгөй эмес жетим балдардай жаштардын тагдыры мамлекеттин  эртенкисине таяныч тирек болуп бере алабы?  Жаштар мамлекеттин келечеги дейбиз бирок, мамлекеттин түркүгү болгон коомдук системаны  кыртышыбыз көрбөгөн бөтөн маданият менен кургубуз келет. Анан ааламдашуу доорунда сырткы таасирлерге азгырылып, идеологиясына сугарылган  жаштар улуттук уңгудан алыстай бербейби. Бүгүнкү замандын чакырыктарына тарыхыбызга, тамырыбызга таянуу менен гана туруштук бере алабыз. Соода-сатыктан кызыл кулактыкты көрүп жериген, “эл эмне дейт”- деген түшүнүк менен жашап келген кыргызга коррупция да эгемендик алганы бөтөндөрдөн жугузуп алган, кыртышыбыз сүйбөгөн, кан-жаныбызга сиңбеген, терибизге чыккан жарадай нерсе. Жок, жарасы жеңил деген ойдон алысмын. Тескерисинче аябай оор. Жемкорлук бийликтин акыл-эсин уулап, көзүн тумандатып, мурдунун учун көрө албаган абалга жеткирип койду. Анан калса ата-бабадан калган жердин, мүлк-байлыктын баасын, баркын, өлчөмүн  билбеген байоолугу, чайнабай бүкүлүү жуткан араанынын чоңдугу кооптонтпой койбойт.  

Феодализимди башынан кечирбеген эл бүгүнкү капиталисттик коом, базар экономикасы дейбизби жаңы замандын талабына көз-карашы, түшүнүгү топ келбеси да ырас. СССР кулап эгемен мамлекеттке ээ болуубуз менен Батыш жана  Көчмөн цивилизацияларынын  кагылуушусуна да дуушар болдук. Көчмөндүн баалуулуктары, рухий байлыгы Батыштын кылымдап куралган материалдык байлыгын тааный албай жаткандай. Мындай көрүнүштү саясатыбыз даана айгинелеп турат. Экономикасына чиркелген Батыштын саясатынын үлгүсүн көчүрүп алганыбыз аз келгенсип арабаны аттын алдына чиркеп алдык. Сарамжалдуулукту талап кылган заманда төгүлүп-чачылып, ысырапкорчулука жол берүүдөбүз. Миллардаган доллар элдин ырыскысын уурдап качып кеткен ажолору бар, улам келгени өзгөртүп, таңуулаган саясий системасына, башкруу бийлигине кайыл, үрп-адаты. каада-салты менен кабагым-кашым дебей жашап жаткан эл табыятына мүнөздүү өзгөчө касиетке эгедер окшобойбу. Ооба, андай касиети: АЛТЫН МЕНЕН КҮМҮШТҮН ШИРӨӨСҮНӨН БҮТКӨНДӨЙ,  АСМАН МЕНЕН ЖЕРИНДИН ТИРӨӨСҮНӨН БҮТКӨНДӨЙ,  АЙЫН МЕНЕН КҮНҮНДҮН БИР ӨЗҮНӨН БҮТКӨНДӨЙ, АЙ АЛДЫНДА ДАЙРАНЫН ТОЛКУНУНАН БҮТКӨНДӨЙ; ОВОДОГУ БУЛУТТУН САЛКЫНЫНАН БҮТКӨНДӨЙ; АСМАНДАГЫ АЙ КҮНДҮН ЖАРКЫНЫНАН БҮТКӨНДӨЙ - деп Манас атабызды сүрөттөгөндөй, жаратылышка жуурулган айкөлдүк, жаратмандык, даанышмандык рухунда, тамыры терең тарыхында жатат. Манас атабыз кылкылдаган Кытайды чапса, Чынгыз атабыз кыргыздын жаратылышындай таза жан-дүйнөсүн сүрөттөп ачып берүү менен дүйнөнү багындырды. Манасчы, акыны бар элде Айтматовдой кара сөздүн, көркөм адабияттын сүрөтчүсү жаралышында  да мыйзам ченемдүүлүк бар. Демек, менталитетибизге ылайык коом куруп маңкурутка окшогон жемкорлорду ата-бабабыздын камчысы менен жазаласак жарага дабаа болот. Коррупция өзүнөн-өзү ооздукталат. Анткени, коомдо нарк-насилдин мыйзамы иштей баштайт.   Мамлекет дагы бийлиги, мыйзамы, күч институттары, сот системасы бар элдик, коомдук  уюмдун формасы эмеспи. Демократиялык коомдо бийлик элге таандык. Ал элдик шайлоо аркылуу жүргүзүлөт. Мамлекет башчысынан тартып жарандардын добушу менен шайланган ар бир аткаминерде “элдин жалданма кызматкеримин, кулумун”- деген түшүнүк калыптанган. Мындай маданият да алардын басып өткөн жолунун жыйынтыгы.  Биздин  мамлекеттин түркүгү да тарыхыбызга, тажрыйбабызга таянуу керек. “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот”- деп И.Раззаков айткандай, элдин мүдөөсүнө жооп бербеген бир ууч топтун кызыкчылыгын көздөп калган саясий система коомду кирдетип жаткандай.  Көтөрүлүш же төнкөрүш дейбизби, эки жолку саясий окуянын келип чыгуусу да “керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей, “келинге” нааразы болгон элдин маанайын айтып турат.  Улуттук өзөктүн тартылуу күчүнүн айлампасынан алыстап кеткен башкаруу бийлиги менен элдин ортосундагы ажырымды, жараканы бүтөбөсөк анан  өнүгүү  жөнүндө сөз кылууга болобу?  Трайбализм, регионализм да эл мүдөөсүнөн алыс саясий системага жамынган  жемкор бийликтин гана куралы болуп келсе бүгүн демократияны бетине кармап, саясий партиялар аркылуу бийликти мурастап алгылары келет. Ал эми элдин мурасы улуттун тарыхы, маданияты, нарк-насили. Саясий партия, демократиялык коом кылымдарды карыткан капитализимдин туундусу болсо рухий байлыгы менен жашап келген көчмөн элдин отурган бутагын араалап салууга болобу?  Материалдык пайданы кубалаган базар экономикасы дүйнөнү жөргөмүш желесиндей чырмап, алаканга салгандай ааламдашуу дооруна алып келди. Батыш цивилизациясынын илимий-техникалык артыкчылыгын Азия өлкөлөрү  улуттук маданиятка, менталитетке таянуу менен саясий-экономикалык моделин түзүп,  кыска убакытта өнүгүү жолуна түшүп, Батыш менен теңата болуп, келечекте тараза ташы Чыгышка оочудай болду. Анткени, капитализм Батыштын улуттук баалуулуктарын жууп салгандай. Европа өлкөлөрүн бириктирип турган экономикасы жана дини.  Мындай өңүттөн алып караганда кыргыздар көчмөн цивилизациясынын, түрк дүйнөсүнүн маданиятын 21-кылымга чейин таза сактап келген улут экенибизди баса белгилеп кетким келет. “Заманың бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол”- деген заманда айкөлдүгүбүздөн, ак-көңүлдүгүбүздөн, ишенчээгибизден уттуруп жаткандайбыз. Биздин көйгөйдү эгемендүүлүкө ээ болгону демократияга жамынып, коррупциялык режимди түзүп, саясий капитализимдин үстөмдүгү орногон адашкан жолубуздан көрөм.  “Демократия башкаруунун эң начар түрү бирок, адамзат андан жакшысын ойлоп таба албады”- деп У.Черчилль айткандай, биздин саясий жана экономикалык моделдин башаты да улуттун тамырында баалуулуктарында жатат.
“Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат”- дегендей, өлкө тагдыры бирөө гана, аны Акаевге, Бакиевке, Атамбаевке, Жээнбековко же дагы бирөөнө бөлүүгө болбойт. Ошондуктан, бүгүнкү бийликке  чечилбей үйүлө берген көйгөй, аябай оор жүк, милдет-жоопкерчилик жүктөлдү.  Мурдагылардын мурасы, саясий режими менен көч түзөлбөсүнө карапайым калктын  көзү жетип турат. Ата-бабабыздын көчүн улап, нарктуу-салтуу жолуна түшүп, эл менен тагдырлаш элдик бийликти алып келүү менен гана саясий-экономикалык туңгуюктан чыгып, капитализимдин бороон-чапкынынан жолубузду таап, мамлекеттин пайдубалы бекем түптөлөрү турган нерсе. Элдин эркине, тандоосуна таянган коом гана өнүгө аларын карт тарых тастыктап турбайбы. Ошондуктан, С.Жээнбековдун досу жана мураскери элдик бийлик гана боло алат. Мындай кадамга бара алса түрктөрдүн Ататүрктөй  кыргыз тарыхында каларында шек жок. Ал эми ата-бабабыздын көчүн улаган коом жөнүндө кийинкиде сөз кылалы.

Үсөнбек  БЕЙШЕМБИЕВ,
Булак: “Майдан. kg” гезити

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 12:28
Өлкө башчысы менен кыргыз тилинде учурашкан элчи
Видео // 13:02
Рейдерлик баскынчылык: КАРА-СУУ базары... (ИЛИКТӨӨ)
Видео // 14:17
ВИДЕО - Генерал Курсан Асанов тууралуу Ачуу-Чындык! Сөзсүз көрүңүз...
Видео // 13:38
Наркотикке берилген жылдыздар... Үрөй учурган ВИДЕО
Видео // 14:45
Сурамжылоодо "Ата Мекен" эң эффективдүү фракция деп табылды