Бардык жаңылыктар

Сооронбай Жээнбеков Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы муфтий Максат ажы Токтомушев, Бишкек жана Кыргызстан Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын епископу Даниил катышышты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин маданияттарынын биримдигин жана ар түрдүүлүгүн сактоо жана бекемдөөнүн маанисин белгиледи.

Инсандын, коомдун жана жалпысынан мамлекеттин өнүгүүсүндө руханий жан дүйнөнүн өзгөчө ролун баса белгиледи.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков ишенимге аяр мамиле жасоо жана ынтымакты бекемдөө идеяларын коомго сиңирүү зарылдыгын белгиледи.

Муфтий Максат ажы Токтомушев жана епископ Даниил региондордо конфессиялар аралык диалогду жакшыртуу, өлкөдө диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө айтып беришти.

Ошондой эле коомдо конфессиялар аралык ынтымакты жана сабырдуулукту бекемдөө, радикализм жана экстремизмди алдын алуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, 2019-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарында өтө турчу «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» Эл аралык конференциясына даярдыктар жөнүндө маалымат берилди.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 17:19
ВИДЕО - Темир Сариев учурда өлкөдө болуп жаткан ар-кыл көйгөйлөр тууралуу катуу айтты
Видео // 16:58
Өмүрбек Текебаев, экс-депутат: “Мен интервьюларымда Атамбаевди көп эстептирмин, демек, китепте ал жөнүндө сөз болот…”
Видео // 15:53
Депутат Дастан Бекешев получил квартиры обманывая государство - Общество слепых и глухих КР
Видео // 16:29
Төрага Дастан Жумабеков Министрге кайрылып: “Биз жүгөрү кайтарып олтурган жокпуз. Кулагыбызга кесме илгенди токтоткула”
Видео // 12:57
ВИДЕО - Ириген Ирина Карамушкина президентке импичмент маселесин көтөрөм деп, кесиптештеринен муш жеди...