Бардык жаңылыктар

Абылгазиев байкабай ичиндеги ириген оюн айтып алдыбы?

Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү "өгүз өлбө, араба сынба" таризинде эптеп илең-салаң илинип турганы жалпыга маалым. Коомчулукта Абылгазиевдин ишине канааттанбай, сындагандар арбын. Албетте, эки жылда орок оро албаган өкмөт, эми кыр ашмак беле? Кечээ, жакында Жогорку Кеңештин жыйынында Абылгазиев байкабай ичиндеги ириген оюн айтып алгандай таасир калтырды. Ал өз сөзүндө "Быйыл бюджетке айып пулдан 1,5 миллиард сом түшөт деп бекитилген. Бирок андай болгон жок. Жарандарыбыз биз ойлогондой эреже бузуучулардан эмес экен. Белгилей кетчү нерсе, биздин максат айып пулдардан акча чогултуу эмес”, - деп балп этти. 

Аңдаган адамга бул билдирүүнүн маңызы, "колуман эч нерсе келбей жатат, коопсуз шаардан акча түшүрүп эптеп казынаны толтурайын десем да эч ким эреже бузбай шорумду шорподой кайнатып жатпайбы" дегендей эле болуптур да, туурабы? Белгилей кетсек, өкмөт "коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизип жаткан чакта "биздин максат жарандардан акча чогултуу эмес, тескерисинче жарандардын коопсуздугун камсыздоо" деп билдирген эле. Ал эми иш жүзүнө келгенде "коопсуз шаар" долбоору "коопсуз көчө" катары иш алып барып жатканы жалганбы? Болбогон ак сызыкты чийип өткөн эреже бузууларды аңдып, карапайым калкты карыз кылып жатканын кайда катабыз? 

Негизи өкмөт жарандардын капчыгына көз артып, алардын жонунан кайыш тилбей, тыштан инвесторлорду, гранттарды алып келип ири ишканаларды ачып, жумуш орундарын түзүп, казынаны толтуруп, экономиканы көтөрбөйбү? Же Абылгазиев өзүнүн ыйгарым укугун толук түшүнбөй, кызматын жөндөй албай жатабы? Эгер андай болсо, өз эрки менен кетип эле калбайбы? Иштеп өлкөгө пайда алып келе албаса, жок дегенде кетип пайда алып келсе болот да, чынбы?

ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 17:19
ВИДЕО - Темир Сариев учурда өлкөдө болуп жаткан ар-кыл көйгөйлөр тууралуу катуу айтты
Видео // 16:58
Өмүрбек Текебаев, экс-депутат: “Мен интервьюларымда Атамбаевди көп эстептирмин, демек, китепте ал жөнүндө сөз болот…”
Видео // 15:53
Депутат Дастан Бекешев получил квартиры обманывая государство - Общество слепых и глухих КР
Видео // 16:29
Төрага Дастан Жумабеков Министрге кайрылып: “Биз жүгөрү кайтарып олтурган жокпуз. Кулагыбызга кесме илгенди токтоткула”
Видео // 12:57
ВИДЕО - Ириген Ирина Карамушкина президентке импичмент маселесин көтөрөм деп, кесиптештеринен муш жеди...