Орусия прокуратурасы Санкт-Петербург метросундагы теракт боюнча айыпталгандар үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын сурады. Бул тууралуу мекеменин өкүлү Надежда Тихонова Москва округдук сотунун 18-ноябрдагы көчмө жыйынында билдирди.
Анын айтымында, тергөө маалында айыпталуучулардын күнөөлөрү толук далилденген.
Бул иште бир тууган Аброр жана Акрам Азимовдордон тышкары дагы тогуз киши айыпталуучу катары өтүп жатат. Алар «Террордук уюмдун ишине катышуу», «Теракт жасоо» жана «Мыйзамсыз курал-жарак жасоо» беренелери боюнча айыпталууда.
11 соттолуучунун ону күнөөлөрүн мойундарына алышкан эмес. Санкт-Петербургдагы Коомдук байкоочу комиссиянын мүчөлөрү айыпталуучулардын бири Мухамадюсуп Эрматовдун кыйноого кабылгандыгы тууралуу билдирүүсүн текшерүүнү талап кылышкан. Мындан тышкары бир тууган Азимовдор дагы сурак маалында кыйноого алынганын айтышкан.
Петербург метросундагы жардыруу 2017-жылы 3-апрелде болгон. Анда 16 адам каза таап, жүздөн ашык киши жаракат алган. Тергөө комитети жардырууну 22 жаштагы Акбаржон Жалилов аткарган деп билдирген.
Бул терактка шектүү катары кармалгандар негизинен Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары, арасында бир тажикстандык бар.
Тектеш кабарлар
Төрөбай Зулпукаров, ЖК депутаты: “Эркин Сопоковду маркум Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы катары тааныйм” Маек // 15-11-2019, 11:19 |
“Кара-Суу базарындагы” кара тактар Саясат // 9-09-2019, 09:51 |
Петербург метросундагы теракт: Шектүү жардыруучу затты ага полиция кызматкерлери салып койгонун билдирүүдө Аалам // 11-07-2019, 12:49 |
ИИМ: “Милициянын көчмө кабылдамасын колдоо боюнча кичине коомдук кеңештерди түзүү” аталышындагы конференция өттү Куш кабар // 4-07-2019, 12:59 |
Кыргызстан АШАдай апааттан тезирээк арылуусу зарыл! Саясат // 19-06-2019, 13:37 |