Бардык жаңылыктар

АКШда импичмент иши боюнча төрт күбө көрсөтмө берди

Шейшемби күнү АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинде өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин Европа иштери боюнча директору Александр Виндман көрсөтмө берди. Ал президент Дональд Трамп менен украин лидери Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефондук сүйлөшүүсүнө күбө болгон.

Виндман президенттердин сүйлөшүүсү боюнча тынчсызданып, бул тууралуу башкы прокурорго маалымат бергенин айтты:

— Анткени АКШнын президенти башка өлкөнүн өкмөтүнөн америкалык жарандын жана өзүнүн саясий каршылашынын аракеттери боюнча иликтөө жүргүзүүнү талап кыла алмак эмес, — деди Виндман.

Ал ошондой эле Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко менен Нью-Йорктун мурдагы мэри, Трамптын жеке адвокаты Руди Жулиани АКШнын Украинадагы саясатына доо кетире турган жалган маалыматтарды таратышканын кошумчалады.

Виндмандан кийин Чалгын комитетинде дипломат Женифер Уильямс дагы көрсөтмө берди. Ал вице-президент Майк Пенстин командасында кеңешчи болуп иштеген жана Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүсүнө күбө болгон. Уильямс эки президенттин сүйлөшүүсү «өзгөчө» болгонун, анткени «АКШнын ички иштери тууралуу» сөз козголгонун билдирди.

Трамп шейшемби күнү Виндман менен Уильямсты сынга алды. Ал Ак үйдө журналисттер менен сүйлөшүп жатып, Виндманды таптакыр тааныбай турганын айтты.

Импичмент иши боюнча мындан тышкары дагы эки күбө — АКШнын Украина боюнча мурдагы атайын өкүлү Курт Волкер менен Ак үйдүн кызматкери Тим Моррисон көрсөтмө бере баштады.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн улам тутанган. Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. Президент Трамп буга байланыштуу дооматтардын баарын четке кагып келет.

Жо Байден 2020-жылдагы шайлоодо демократтардын атынан Трампка атаандаш болору айтылып келет.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 17:19
ВИДЕО - Темир Сариев учурда өлкөдө болуп жаткан ар-кыл көйгөйлөр тууралуу катуу айтты
Видео // 16:58
Өмүрбек Текебаев, экс-депутат: “Мен интервьюларымда Атамбаевди көп эстептирмин, демек, китепте ал жөнүндө сөз болот…”
Видео // 15:53
Депутат Дастан Бекешев получил квартиры обманывая государство - Общество слепых и глухих КР
Видео // 16:29
Төрага Дастан Жумабеков Министрге кайрылып: “Биз жүгөрү кайтарып олтурган жокпуз. Кулагыбызга кесме илгенди токтоткула”
Видео // 12:57
ВИДЕО - Ириген Ирина Карамушкина президентке импичмент маселесин көтөрөм деп, кесиптештеринен муш жеди...