Бардык жаңылыктар

Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратылган Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга эстрадицияланды. Ал учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) басма сөз борбору кабарлады.

Маалыматка караганда, экс-депутат 18-ноябрда Кыргызстанга алынып келинген.

«Азыркы убакта Казакстандын өкүмүн Кыргызстандын өкүмүнө шайкеш келтириш үчүн тиешелүү документтер (переквалификация) Жогорку сотко жөнөтүлдү. Ошонун негизинде жаза мөөнөтү аныкталат», деп билдирет ЖАМКтын басма сөз кызматы.

Айрым маалымат каражаттары Асылбек уулу менен кошо дагы эки кыргызстандык экстрадицияланганын жазышты. ЖАМК бул маалыматты ырастаган жок.

Экс-депутатка «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлган. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон.

Казакстандын Алматы шаарынын апелляциялык соту 5-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карап, канааттандырган эмес. Ал эми аны менен кошо соттолгон Уланбек Мурадиловдун 10 жылдык жаза мөөнөтүн сегиз жыл кылып кыскарткан. Дамирбек Асылбек уулун соттун төмөнкү инстанциясы 10 жылга эркинен ажыраткан.

Былтыр февралда Казакстандын күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров кармалган.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан.

37 жаштагы депутат «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 17:19
ВИДЕО - Темир Сариев учурда өлкөдө болуп жаткан ар-кыл көйгөйлөр тууралуу катуу айтты
Видео // 16:58
Өмүрбек Текебаев, экс-депутат: “Мен интервьюларымда Атамбаевди көп эстептирмин, демек, китепте ал жөнүндө сөз болот…”
Видео // 15:53
Депутат Дастан Бекешев получил квартиры обманывая государство - Общество слепых и глухих КР
Видео // 16:29
Төрага Дастан Жумабеков Министрге кайрылып: “Биз жүгөрү кайтарып олтурган жокпуз. Кулагыбызга кесме илгенди токтоткула”
Видео // 12:57
ВИДЕО - Ириген Ирина Карамушкина президентке импичмент маселесин көтөрөм деп, кесиптештеринен муш жеди...