Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беттешип жатат. Оюн 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өтүүдө.
Оюндун 16-мүнөтүндө тажик футболчусу Жахонгир Эргашев гол киргизип, эсепти ачты.
Бирок оюндун 82-мүнөтүндө кыргыз командасынын 12-номурдагы оюнчусу Темирлан Козубеков гол киргизип, эсепти теңеди.
Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беш турдан кийин F тайпасында алтыдан упай топтоп, тайпадагы 2-орун үчүн ат салышып келатат.
Тажикстандын командасы өткөн аптада дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Мьянманын футболчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилди. Ушул эле күнү Кыргызстан Жапонияга 2:0 эсебинде утулган.
Тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын курама командасы 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга 0:1 эсебинде жеңилген.
Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. 5-турдагы оюндардан кийин бул тайпада Жапониянын курама командасы 12 упай менен жадыбалдын сап башында баратат.
Эсебинде 6 упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Монголия менен Мьянмада үчтөн упай бар.
Мурда эки командада тең алтыдан упай бар эле. Бул оюндан кийин бирден упай алышты. Кыргызстандын курама командасы кайрадан 2-орунга чыкты.
Тектеш кабарлар
Футбол: Япония курама командасы жеңишти илип кетти Спорт // 14-11-2019, 20:20 |
Кыргызстан Монголияны 2-1 эсебинде утту Спорт // 15-10-2019, 16:14 |
Футбол: Кыргызстан Монголия менен ойнойт Спорт // 15-10-2019, 11:28 |
Дүйнө чемпионаты: Кыргыз балбандары грек-рим күрөшүндө олимпиадалык бир жолдомо менен чектелди Спорт // 18-09-2019, 13:15 |
Кыргыз жигити Талант Дүйшөбаев гандбол боюнча Польшанын эң мыкты машыктыруучусуна талапкер Спорт // 16-05-2019, 17:35 |