Бардык жаңылыктар

Укук коргоочу Рита Карасартова Орозбек Опумбаевдин отставкага кетишин талап кылып, кайрылуу жасап, кол чогулта баштады

Укук коргоочу Рита Карасартова  УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевдин отставкага кетиши керектигин «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирип, кол топтоо боюнча пост калтырды.

«Мамлекетибизде коопсуздукту камсыз кыла турчу мекемелер өздөрү түп тамырынан чирип бүтүштү. Жогорку Кеңеш бул башаламандыкты көзөмөлгө алгыла, УКМКнын жетекчиси отставкага кетиши керек! Дагы кандай мыйзам бузуу болушу керек? Оңолууга аттанабызбы же баарыбыздын башыбызга келмейин отура беребизби? Биз коопсуздук органдары мамлекеттин жана ар бир жаранынын коопсуздугу үчүн коркунуч туудуруп жатканын моюнга алышыбыз керек! Ошондуктан, бул кайрылууну жайылтып, кол топтоого жардам бергиле!»,-деп коомчулукка кайрылды укук коргоочу.

Ошондой эле Рита Карасартова, сөзүм куру болбосун деп Опумбаевдин кетирген каталарынын четин эле тизмелеп берди. Ал УКМКдагы кылмыш иши боюнча өтүп жаткандардын далилдеринин уурдалышы, Баткен облусунун прокурорунун жана кытайлык жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмү, ШИИББдагы 20 кылмыш ишинин жоголушу, ЖАМКтын тергөөчүсүнүн пара талап кылышы тууралуу жаңылыктар мамлекеттик түзүмдүн кыйроо даражасын, криминалдашканын көрсөтүп тураарын баса белгиледи.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 17:19
ВИДЕО - Темир Сариев учурда өлкөдө болуп жаткан ар-кыл көйгөйлөр тууралуу катуу айтты
Видео // 16:58
Өмүрбек Текебаев, экс-депутат: “Мен интервьюларымда Атамбаевди көп эстептирмин, демек, китепте ал жөнүндө сөз болот…”
Видео // 15:53
Депутат Дастан Бекешев получил квартиры обманывая государство - Общество слепых и глухих КР
Видео // 16:29
Төрага Дастан Жумабеков Министрге кайрылып: “Биз жүгөрү кайтарып олтурган жокпуз. Кулагыбызга кесме илгенди токтоткула”
Видео // 12:57
ВИДЕО - Ириген Ирина Карамушкина президентке импичмент маселесин көтөрөм деп, кесиптештеринен муш жеди...