Бардык жаңылыктар

Ноокен районунда Курманбек Бакиевдин аты көчөгө коюлду


Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин аты берилди.

Интернетте Бакиевдин сүрөтү тартылып «Бакиев Курманбек Салиевич атындагы көчө» деген такта жарыяланды. Бул социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылууда.

Рахманжан айылынын башчысы Жакшылык Эгембердиев айылдагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылганын ырастап, буларды айтты.

Айыл өкмөт башчысы буга каршы болгонун, бирок айылдык кеңештин депутаттары тарабынан колдоо тапканын билдирди.

"Ат коюлганына үч-төрт күн болду. Айылдык кеңештин жыйынында мен жок болчумун. Бирок атты койгонго болбойт деп айткам. Ушул жуманын башында айылдык кеңештин депутаттары жаңыдан түзүлгөн көчөгө Курманбек Бакиевдин атын ыйгаруу токтомун чыгарды. Мен буга башынан эле каршы болуп, соттолгон адамдын ысымын ыйгаруу туура эмес экенин айтып келгем. Бирок аны эске алышкан жок. Жакында эле ал жерге барып түлөө өткөрүп, ачылышын жасашты. Ага да барган жокмун. Ал көчөдө 15тей үй-бүлө жашайт", — деди Эгембердиев.

Ал эми Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы Нургазы Муратов качкын президенттин ысымын ыйгаруу жергиликтүү элдин сунушу болгонун билдирди. Бирок демилгени депутаттар кайсы мыйзамга таянып колдогонун түшүндүрүп бере алган жок. Азыр конокто отурганын жүйө келтирип, кийинчерээк кенен маалымат берүүнү убадалады.

Ал көчөгө Бакиевдин атын коюну жергиликтүү эл сунуштаганын, социалдык тармактарга тараган такталар көчөгө коюлганын айтты. Бирок көчөгө мурдагы президенттин ысымын ыйгаруу боюнча айылдык кеңештин чечими менен тааныша электигин кошумчалады.
Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү жана бир туугандары менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.

Жакында эле Чүйдүн Көк-Жар айылындагы көчөлөрдүн бирине мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылганы ачыкка чыгып, ал коомчулуктун сын-пикирин жараткан.

Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 



Видео // 17:41
ВИДЕО - Бишкекте бычак көтөрүп алып элди опузалаган адамды, милиция кызматкерлери күч менен кармады
Видео // 18:30
Видео - СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ! Кой-Таш окуясынын Ачуу - ЧЫНДЫГЫ, Генерал Курсан Асановдун актыгы жана тактыгы...
Видео // 11:57
Бажы документтерин каттоого алуу онлайн трансляция аркылуу жүргүзүлүп баштады
Видео // 11:55
"Жашыл экономика" Кыргызстанга кандай пайда алып келет?
Видео // 11:54
Талас тургундары таза суу менен 90 пайыз камсыз болду