Бардык жаңылыктар

Сариевдин мезгили келдиби?..

Темир Сариев кыргыз саясатында кызматтык ордун, саясаттагы жеңиштерин туруктуу кармап, кандай кырдаал болбосун саясатта сыртта калган жок. Бул - анын жигердүү саясатчы экенинин белгиси катары бааласак болот. Ал Өкмөт башчы болуп турган кезинде дагы алгылыктуу реформа жасап, аткаруу бийлигинде жөндөмдүү экенин далилдеди.

Темир Сариев өкмөт башчы болуп турганда коңшу Өзбекстан менен болгон талаштуу 19 обьектини өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн, чечкиндүүлүк таанытып улутташтырган эле. Бул Сариевдин «Мекенчил» инсан экенинин далили. Сариевдин бул эрдигин карапайым калк кубаттапп кубануу менен кабыл алган.

Сариев өкмөттү жетектеп турганда Кыргызстандын экономикасын көтөрүүдө, айыл чарба, туризм секторлоруна жана өнөр жай тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, тиешелүү иштер башталган. Анын менен катар өлкөнүн аймактарындагы ички жолдорду оңдоо иштери жанданып, бир топ жолдор оңдолгон. Тилекке каршы “ит күлүгүн, түлкү сүйбөйт” демекчи, Сариевдин айбатынан чочуган бийлик, “кокуй Сариевдин рейтинги өсүп баратат” деген куру шылтоо менен, чочулоо менен жол маселесин көтөрүп ага карата жалган жалаа токулуп, бийликтин жүгүрүктөрү аркылуу каралоо камапаниясы күч алган. Анын алкагында Сариев иштен кетүүгө мажбур болгон.

Темир Сариев салган жол менен бийлик салган жолдорду салыштырып карап көрөлү.
Мисалы: Бишкек-Кара-Балта жолу үч жылдан бери салынып жатат. Эки жарым жыл болду башталганына. Бир чакырым жолу бир жарым миллион доллар. Сариев кеткенден кийин башташты. Ал эми Сариев баштаган Балыкчы-Корумду жолу ушундай эле төрт саптуу жол, ушундай эле 104 кө чейин көпүрө бар, айылдарды аралап өтөт, бир чакырым жолу 747 миң доллар. Эки эсе арзан болуп жатат. Учурда түндүк-түштүк альтернативалык жолу салынып жатат, бир чакырымы үч жарым миллион доллар, беш эсе кымбат. Мынакей коррупция кайда жатат? Андыктан, “Өз башындагы төөнү көрбөй, өзгөнүн башындагы чөптү көргөн” интриган бузукулардын ким экени эртеби-кечпи ачыкка чыгып калат. Ал үчүн ак жерден бирөөнү каралабай, өзүңдүн оброюңду арттыруу менен алпурушканыңар оң. Эгерде Сариев  өкмөттөн кетпегенде  “Балыкчы-Корумду” жолу убагында бүтүп, элге ыңгайлуулук жаратып калмак. Алсак, бүгүнкү күндө эң сапаттуу, эң тез салынган ошол жол болуп олтурат.

Мындан тышкары, Сариев 2007-2010-жылдары кылчайнашкан саясий кырдаалдарда күрөшчүлдүгүн, эрктүү жана бекемдигин көрсөтүп, эл тарапта болгону — баскан жолундагы ийгилиги жана позицияда бек турганы катары саналат. Эң башкысы, ал саясий оор сыноолордон өткөн. Ишенимдүү, таза лидер! Көрө албагандар ар кандай ушактарды чыгарып, канчалык "Сариевдин ыры бүттү" деген сайын, анын таскагы катуулап келе жатат.

Убагында ат жалына казан асып, күнү-түнү элдин талабын аткарууга чамынып жүргөн мыкты кадрлардын четке сүрүлүп калышы чынында жакшы көрүнүш эмес. Ар кайсынын башын чаргытпай туурасын эле айтсак маселен, Темир Сариев өкмөт башчы болуп турганда жаман иштеди беле? Анын кандай таризде иштегенин аппараттагы эле кызматкерлерден сурап аныктама чыгарсаңар болот. Өкмөттөгү ырааттуулук, жоопкер мамиле, жумушка кызыгуу Темирдин убагында башкача сезилген. Жан дилиң менен жумушту аткарууга күчүңдү, билимиңди сарптоого даяр болор элең-деген кепти көбүнөн эшиттик. Бекем чыйралып бараткан аркандын кайрадан бошоп калышына себепкер болгон атка минерлер деле оңбой калышты.

Кара кылды как жарган калкыбыз Темир Сариевдин жогорудагы аткарган иштерин туура баалап, келечекте жапа тырмак колдоп алаарынан шек жок. Такшалган, кагылып, согулган, иштин көзүн билген Темир Сариевге эл туура баасын эбак эле берип койгону айкын. Калыс сөздү айткандан кысынбашыбыз кажет. Келечекте Темир Сариевге ийгилик жылмайса экономиканы чарк айландырып, өлкөнүн көйгөйлүү маселелерин кыска мөөнөттө чечип салаары турган иш. Кандай болсо да Сариевдин келечеги бар. Бүгүн болбосо эртең жылдызы жанат. «Кейибе бака, саз биздики болот» дечү беле?


Булак: ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 



Видео // 17:41
ВИДЕО - Бишкекте бычак көтөрүп алып элди опузалаган адамды, милиция кызматкерлери күч менен кармады
Видео // 18:30
Видео - СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ! Кой-Таш окуясынын Ачуу - ЧЫНДЫГЫ, Генерал Курсан Асановдун актыгы жана тактыгы...
Видео // 11:57
Бажы документтерин каттоого алуу онлайн трансляция аркылуу жүргүзүлүп баштады
Видео // 11:55
"Жашыл экономика" Кыргызстанга кандай пайда алып келет?
Видео // 11:54
Талас тургундары таза суу менен 90 пайыз камсыз болду