Бардык жаңылыктар

Текебаев Чындыктын эле эмес, Айкөлдүктүн символу катары да бааланууда...


Жаштайынан саясатка аралашып, эл өкүлү болуп келген Өмүрбек Текебаев жаштыгын, өмүрүн мамлекетке, элге арнаганы айныгыс чындык. Ал гана эмес, өлкө тарыхында алгачкылардан болуп "Ата-Мекен" партиясын түптөгөн инсан. Тагыраагы, партиянын түзүлгөнүнө 25 жылдын жүзү болуп олтурат. Качан көрбө чындык тарапта болуп, адилетсиз режимдердин тамырын кыркууда тулпарын минип, кылычын көтөрүп алдыга озуп келет. Бир эмес бир нече ирет кыл чайнашкан кармаштарда мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп, адилетсиз режимдерди талкалады. Акаев, Бакиев баш болгон ошол учурдагы дөө-шаалар Текебаевке кандай гана ор казышкан жок, бирок эч майнап чыкпады. Албетте, анын тазалыгы алардын арам оюн ишке ашырууга жол бербеди. Атамбаевдин тушунда да анын мыйзамсыз иштерин көрүп тынч тура албаган Өмүрбек Текебаев адатынча ууру системаны сындырууга бет алды. Заматта Атамбаевдин ашмалтайын чыгарып, шаштысын алып койду. Бийлигине таянган Атамбаев Текебаевге каршы эмне деген айыптарды алып чыккан жок, бири да суу кечпей калды. Акыры айласы кеткен АША Орусиялык шылуун Маевскийге акысын төлөп берип, Текебаевге каршы арыз жаздырып, жалган жалааны бетке кармак каматып тынды. Тактап кете турган нерсе, мына ушул жерден Текебаевдин тазалыгы, чынчылдыгы, адалдыгы айгинеленип турат. Анткени, Акаев, Бакиев керек болсо Атамбаев дагы Текебаевдин мамлекеттин казынасына кол салган фактысын таба албай, шылуун, жалданып көнгөн Маескийге арыз жаздырып каматпадыбы. Түшүнгөн адамга, Атамбаев тескерсинче Текебаевди актап койду, "Белизгейт", баш болгон бир топ айыптары суу кечпей калганы Текебаевдин мамлекеттин эсебине кол салбаганы да. Анан айласыз АША кайдагы бир шылуунду жалдап жатканы буга далил. Ошентип, Текебаевге ор казабыз деген эргулдар, бүгүнкү күндө өздөрү казган орго өздөрү түшүп кеткендери жалганбы?

"Ак ийилет бирок сынбайт" демекчи, калптын казаны кайнабай Текебаев абактан бошоп чыкты. Ал эми Атамбаев өзүнүн уурулук системасынын азабын тартып, камакка алынды. Бирок Текебаев өзүнүн жигиттик сапатын көрсөтүп, жыгылганды тепкилебей, Атамбаевдин дарегине бир дагы ачуу сөз айткан жок. Буга чейин Текебаевдин дарегине Чындыктын символу деген сөз илешип келсе, Текебаевдин кечээги маегиндеги КСДП партиясына карата жылуу пикиринен соң, ага карата "Айкөлдүктүн символун көрсөттү, анык жоомарт жигит экен, чыныгы Улут Лидери деген ушундай болот" деген сыяктуу жылуу сөздөр коомчулукта айтыла баштады. Албетте, кыргыз саясатында Текебаевге жете турган саясатчы жок экенин бир топ эксперттер айтып келишет. Бирок Текебаев өзүнүн мекенчилдик кадамдары менен Манас атабыздын образын ачып жаткандай...

Булак:ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 



Видео // 17:41
ВИДЕО - Бишкекте бычак көтөрүп алып элди опузалаган адамды, милиция кызматкерлери күч менен кармады
Видео // 18:30
Видео - СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ! Кой-Таш окуясынын Ачуу - ЧЫНДЫГЫ, Генерал Курсан Асановдун актыгы жана тактыгы...
Видео // 11:57
Бажы документтерин каттоого алуу онлайн трансляция аркылуу жүргүзүлүп баштады
Видео // 11:55
"Жашыл экономика" Кыргызстанга кандай пайда алып келет?
Видео // 11:54
Талас тургундары таза суу менен 90 пайыз камсыз болду