Бардык жаңылыктар

Кыргызстандын кинорежиссердун «Жөө күлүк» тасмасы Минск шаарында көрсөтүлдү


Режиссер Мирлан Абдыкалыков тарткан «Жөө күлүк» тасмасы эл аралык «Листопад» кинофестивалынын алкагында Минск шаарында көрсөтүлдү. Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин маалыматына караганда, салтанатка Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эсенгул Ибраимов, элчилик кызматкерлери жана Минскиде жашаган кыргызстандыктар катышты. Ал эми иш-чараны уюштуруучулардын бири Игорь Сукманов «Жөө күлүк» тасмасын тааныштыруу учурунда кыргыздын улуттук баш кийими ак калпакты кийип чыкты.

«Листопад» кинофестивалы 1-ноябрдан бери жүрүп жатат жана 8-ноябрь күнү ишин жыйынтыктайт. «Жөө күлүк» фестивалдын негизги программасында көрсөтүлдү.

Быйылкы фестивалда 50 мамлекеттен 154 тасма көрсөтүлдү, негизги конкурска 12 фильм катышты. Алардын бири - «Жөө күлүк» тасмасы.

«Жөө күлүк» тасмасынын дүйнөлүк премьерасы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтүп, кино сынчылардын ФИПРЕССИ сыйлыгына ээ болгон. ФИПРЕССИ – кино сынчылар менен кино изилдөөчүлөрдүн башын бириктирип, дүйнөлүк киноискусствону өнүктүрүүгө салым кошкон, бул багытта жазгандардын кызыкчылыгын коргогон эл аралык уюм. Бул автордук кинолордун ичиндеги эң жогорку сыйлыктардын бири.

Режиссер тасмасында үй-бүлөнү сактоого аракет кылган өспүрүм Жекшендин баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна туш болгон жаш балдардын көйгөйүн көтөрүп чыккан.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 



Видео // 17:41
ВИДЕО - Бишкекте бычак көтөрүп алып элди опузалаган адамды, милиция кызматкерлери күч менен кармады
Видео // 18:30
Видео - СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ! Кой-Таш окуясынын Ачуу - ЧЫНДЫГЫ, Генерал Курсан Асановдун актыгы жана тактыгы...
Видео // 11:57
Бажы документтерин каттоого алуу онлайн трансляция аркылуу жүргүзүлүп баштады
Видео // 11:55
"Жашыл экономика" Кыргызстанга кандай пайда алып келет?
Видео // 11:54
Талас тургундары таза суу менен 90 пайыз камсыз болду