Бардык жаңылыктар

ТИМ министри Чыңгыз Айдарбеков тажик-өзбек чек арасында болгон окуя боюнча оюн айтты

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын чек арасында болгон окуяга тынчсыздангандыгы тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, кечээ, 6-ноябрда Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда ал тажик-өзбек чек арасындагы куралдуу топтун кол салуусуна тынчсыздангандыгын билдирип, Тажикстандын каза болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө көңүл айткан. Ошондой эле ал кыргыз тарап мындай актыларды айыптаарын жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу максатында аймактагы өлкөлөрдүн биргелешкен күч-аракеттерине колдоо көрсөтөрүн билдирген.
Эске сала кетсек, 5-ноябрдан 6-ноябрына караган түнү “Султанабад” чек ара отрядынын №4 “Ишкобод” чек арасында кол салуу болгон. Анда бет кап кийген жыйырмага жакын куралчан топ кирип барганда атышуу болуп, бир чек арачы менен милиционер көз жумган. Куралданган кылмыштуу топтун 15 мүчөсү курчоого алынып, ошол жерден жок кылынып, бешөө колго түшүрүлгөн.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 



Видео // 17:41
ВИДЕО - Бишкекте бычак көтөрүп алып элди опузалаган адамды, милиция кызматкерлери күч менен кармады
Видео // 18:30
Видео - СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ! Кой-Таш окуясынын Ачуу - ЧЫНДЫГЫ, Генерал Курсан Асановдун актыгы жана тактыгы...
Видео // 11:57
Бажы документтерин каттоого алуу онлайн трансляция аркылуу жүргүзүлүп баштады
Видео // 11:55
"Жашыл экономика" Кыргызстанга кандай пайда алып келет?
Видео // 11:54
Талас тургундары таза суу менен 90 пайыз камсыз болду