Бардык жаңылыктар

Сооронбай Жээнбеков: Бизге калган ыйык мурасыбыз – эгемен мамлекетибизди көздүн карегиндей сактап, бакубат өнүгүүсүнө жетишип, урпактарга берүүгө милдеттүүбүз

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу Кыргызстан элине кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирдин
Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:
“Урматтуу мекендештерим!
Ушул күндөрү биз тарыхыбыздагы тагдыр чечүүчү мезгилдерди эстейбиз, ата-бабаларыбызды эскерип, алардын элесине таазим этебиз.
Алар кылымдарды карыткан кыйын кезең жолдорду басып өтүп, бизге сыймык тартуулаган тарыхты мурастады.
Элибиз орто кылымдарда Улуу кыргыз дөөлөтүн түзүп, кийин мамлекетин жоготуп, тарыхтын оор сыноолорун башынан кечирди.
“Каны көөкөрдө, башы канжыгада” болуп, мамлекеттүүлүк идеясын кылымдар бою жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө сактап, ал үчүн тынымсыз күрөшүп келди.
Аталарыбыз Улуу Үркүндү, Октябрь революциясын башынан кечирди.
Улуу мамлекеттик ишмерлерибиздин чечкиндүү эмгеги менен РСФСРдин курамында 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун, ал эми 1936-жылы Кыргыз ССРинин түзүлүшү – тагдыр чечүүчү тарыхый окуялар болду.
Бул окуялардын баасы – өтө бийик, саясий репрессияда курман болгондордун өмүрү менен өлчөнөт.
Кылымдар бою эңсеген элдин мүдөөсү аткарылып,  1991-жылы эгемен мамлекетибизге ээ болдук,   мамлекеттүүлүгүбүз кайрадан жаралды.
Биз ата-бабаларыбыздын элесинин алдында мамлекетибиздин келечеги үчүн тарыхый ыйык жоопкерчиликти сезип турабыз.
Карт тарых тастыктап тургандай, элдин ынтымагы баарынан жогору, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок.
Биз – улуу элдин урпагыбыз, бизге калган ыйык  мурасыбыз – эгемен мамлекетибизди көздүн карегиндей сактап, бакубат өнүгүүсүнө жетишип, урпактарга берүүгө милдеттүүбүз.
Биз жарандарыбыздын этникалык, диний  көп түрдүүлүгүн сактап, ынтымакта элибиздин биримдигин бекемдөө менен бул максаттарыбызга жетебиз, бакубат, гүлдөгөн Кыргыз Республикасын курабыз!
Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун!
Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай Өзү колдосун!”

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 



Видео // 17:41
ВИДЕО - Бишкекте бычак көтөрүп алып элди опузалаган адамды, милиция кызматкерлери күч менен кармады
Видео // 18:30
Видео - СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ! Кой-Таш окуясынын Ачуу - ЧЫНДЫГЫ, Генерал Курсан Асановдун актыгы жана тактыгы...
Видео // 11:57
Бажы документтерин каттоого алуу онлайн трансляция аркылуу жүргүзүлүп баштады
Видео // 11:55
"Жашыл экономика" Кыргызстанга кандай пайда алып келет?
Видео // 11:54
Талас тургундары таза суу менен 90 пайыз камсыз болду