Бардык жаңылыктар

Эксклюзивное ВИДЕО событий 7-августа, переговоры Курсана Асанова...



ИИМдин мурдагы орун басары Генерал Курсан Асанов 8-августта Кой-Таш окуясында адаттагыдай эле кесипкөйлүгүн таанытып, экс-ажо Атамбаевди тынчтык жолу менен кан төгүүсүз колго түшүргөнүнө баарыбыз күбө болдук. Анын бул кадамы коомчулук тарабынан колдоого алынып, аны алкап жаткан чакта “ИИМдин кызыкчылыгын сатты” деген жок кинени коюп иштен алышты. Ал ортодо Курсан Асановдун туура эмес иштен алынганын жумурай журт таң калуу менен кабыл алып, Асановду коргоп, ИИМ министри Жунушалиевди ушул күнгө чейин боктоп жатышат. Ал гана эмес, маданияттын залкарлары, саясаттын каймактары баш болгон үлкөндөр дагы Курсан Асановдун таламын талашып чыгышты. Эми Кой-Таш окуясына келсек, 8-августта Курсан Асанов Атамбаевди качан, кантип колго түшүргөнүн баарыбыз видео тасмадан көрдүк. 

7-августтагы Асановдун Атамбаевчилер менен сүйлөшүп жаткандагы эксклюзивдик видео тасмасын сунуштайбыз. Курсан Асанов өздүк курамды таштап кетти дешти. Тескерисинче, тасмада көрүнүп тургандай, Курсан Асанов өздүк курамды отко салбай, өзү Атамбаевдин жаалданган тарапташтарына сүйлөшүүгө келип, алар менен талашып-тартышып жатат. Өздүк курам анча алыс эмес жерде коомдук тартипти көзөмөлдөп турганы тасмада көрүнүп турат. Аасанов Атамбаевдин тарапташтары Асель Кодуранова, Равшан Жээнбеков, Амантур Жамгырчиев ж.б менен сүйлөшүү учурунда, алардын орунсуз талаптарын ордуна коюп, Атамбаевдин дарегине “эркек босло чыкпайбы, жашынып албай” деп таамай айтканын көрүүгө болот. Андан ары сөзүн улай, аларга  барымтадагы “Альфанын” балдарын алып келгиле” деген талапты коюп жатат. Бул кадамы менен Курсан Асанов  анык кесипкөйлүгүн, мекенчилдигин айгинеледи. Коркуп туруп албастан, барымтадагы балдардын тагдырын ойлоп, аларды бошотуунун камын көрүп жатпайбы? Баса, сүйлөшүү учурунда Курсан Асанов эмнеге кызыл футболка кийип алды дегендер болду. Анын себеби, Курсан Асанов Асель Кодуранова, Равшан Жээнбековдор менен сүйлөшүү учурунда ““Альфанын” балдарын бошоткула, же  алардын ал-абалын мен өз көзүм менен көрүп чыгышым керек” деген талап койот. Ошондо алар “макул барсаң бар, ал жерде провокаторлор болушу мүмкүн, провокация кылып жиберишпесин” дегенде, Асанов “гражданский” кийинип “Альфанын” балдарына бармакчы болгон.  Акыры анын эч нерседен тайманбаарына көзү жеткен АШАЧылар аны “Альфанын” балдарына алып баруудан чочулап, баш тартып коюшкан. Кыскасы, Кой-Таш окуясында өзгөчө айрымаланган Элдик Генерал Курсан Асановдун эмгеги бааланбай,  жеке көрө албастыктын айынан кодуланып жатканы өкүнүчтүү. Албетте, ак ийилиет, бирок сынбайт!

Булак:ЧЫНДЫК


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 



Видео // 17:41
ВИДЕО - Бишкекте бычак көтөрүп алып элди опузалаган адамды, милиция кызматкерлери күч менен кармады
Видео // 18:30
Видео - СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ! Кой-Таш окуясынын Ачуу - ЧЫНДЫГЫ, Генерал Курсан Асановдун актыгы жана тактыгы...
Видео // 11:57
Бажы документтерин каттоого алуу онлайн трансляция аркылуу жүргүзүлүп баштады
Видео // 11:55
"Жашыл экономика" Кыргызстанга кандай пайда алып келет?
Видео // 11:54
Талас тургундары таза суу менен 90 пайыз камсыз болду