Бардык жаңылыктар

Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынан күмүш байге утту

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Мелдеш Венгриянын Будапешт шаарында өтүп, Шаршенбеков 3-ноябрда өткөн финалдык беттеште армениялык Армен Меликян менен беттешкен. Жыйынтыгында армениялык атаандашына 11:7 эсебинде жеңилип, күмүш байгенин ээси болду.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Шаршенбеков 3-ноябрда грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, финалдык беттешке жолдомо алганга чейин бардык атаандаштарын артыкчылык менен жеңди.

Алгачкы беттешинде Шаршенбеков азербайжандык балбан Асгар Ализаданы 4:0, 1\8 финалда орусиялык Артур Петросиянды 9:9, чейрек финалда кытайлык Лигуо Чаону 9:0, жарым финалдык беттеште украиналык Жора Абвиянды 8:0 эсеби менен жеңди.

Жоламан Шаршенбеков 20 жашта. Ал былтыр февраль айында Бишкекте өткөн күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында жана октябрь айында Венгриянын Будапешт шаарында өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байге алган. Уландар (кадеттер) арасындагы дүйнө чемпионатында коло (54 кг, 2016-ж.), жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында (2017-ж.) күмүш медаль тагынган.

23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионаты Венгриянын Будапешт шаарында 29-октябрдан 3-ноябрга чейин өттү. 29-31-октябрда өткөн мелдеште кыргызстандык дагы бир балбан Улукбек Жолдошбеков аталган чемпионатын алтын медалын утуп алган. Ал эми 1-ноябрда кыз-келиндер арасындагы күрөштөн Айпери Медет кызы коло медаль тагынды. Бул мелдешке Кыргызстандан 21 спортчу барып катышты.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 



Видео // 17:41
ВИДЕО - Бишкекте бычак көтөрүп алып элди опузалаган адамды, милиция кызматкерлери күч менен кармады
Видео // 18:30
Видео - СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ! Кой-Таш окуясынын Ачуу - ЧЫНДЫГЫ, Генерал Курсан Асановдун актыгы жана тактыгы...
Видео // 11:57
Бажы документтерин каттоого алуу онлайн трансляция аркылуу жүргүзүлүп баштады
Видео // 11:55
"Жашыл экономика" Кыргызстанга кандай пайда алып келет?
Видео // 11:54
Талас тургундары таза суу менен 90 пайыз камсыз болду