Бардык жаңылыктар

ВИДЕО - Эл өкүлү Жанар Акаев криминалга каршы согуш жарыялады...



Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев жеке ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө байланыштуу парламентте маселе көтөрүп, бул фактыны өлкөдөгү криминалдын күчөшү катары сыпаттады. Ал ишкерлерди коргой албаганы үчүн өкмөттү айыптады.

- Өткөн жумада «​Мадина» кафесинин ээси мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Бул бүтүндөй бизнеске, ишкерлерге чоң сокку болду. Мамлекет, өкмөт ушундай маселеде өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп жатат. Криминал азыр Кыргызстанда кадимкидей баш көтөрдү. Мына, Кыргызстандан чыгып кеткен акчанын суммасын карагыла, жарым жылда 247 миллион сом акча чыгарылып кетти. Жалаң эле чоң компаниялар эмес, азыр орто бизнестин өкүлдөрү да акчасын өлкөдө чыгарып кетип жатат. ИИМ болсо криминал менен күрөшпөй олтурат. Макул, чоң реформаларга акча керек, бюджетте акча жок дейли, бирок ушул криминал менен күрөшкөнгө, кылмыш дүйнөсүнүн «авторитеттерин» четинен түрмөгө тыкканга да акча керекпи? Буга саясий эрк гана керек, - деди Акаев.

Эл өкүлү ошондой эле ушундай шартта сырттан инвестиция тартуу аракетинен эч кандай майнап чыкпай турганын эскертти.

Ишкер Хуфур Абдурахеман 4-октябрдан бери дайынсыз болуп, анын сөөгү 19-октябрда Нарындын Кочкор районунан табылган. Милиция алгач аны өлтүрүүгө байланыштуу шектүү катары төрт киши кармалганын кабарласа, кийинчерээк Ички иштер министрлиги сегиз киши колго түшүрүлгөнүн жарыялаган.

39 жаштагы жаш ишкер Хуфур Абдурахеман «Мадина» базарындагы «Мадина» кафесинин ээси болгон. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 



Видео // 17:41
ВИДЕО - Бишкекте бычак көтөрүп алып элди опузалаган адамды, милиция кызматкерлери күч менен кармады
Видео // 18:30
Видео - СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ! Кой-Таш окуясынын Ачуу - ЧЫНДЫГЫ, Генерал Курсан Асановдун актыгы жана тактыгы...
Видео // 11:57
Бажы документтерин каттоого алуу онлайн трансляция аркылуу жүргүзүлүп баштады
Видео // 11:55
"Жашыл экономика" Кыргызстанга кандай пайда алып келет?
Видео // 11:54
Талас тургундары таза суу менен 90 пайыз камсыз болду