Бардык жаңылыктар

Лунара айткан дүйнө кезээр “пенсионерлер” аныкталды…

Мурдагы Эмгек жана соцөнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова ал кызматта иштеп турганда инстаграмында 6-7 миң сом өлчөмүндөгү пенсияга дүйнө кыдырса болоорун жазган болчу. “Лунара лунадан түштүбү?” деп жер тепкилеп, 7 миң сом менен кантип дүйнө кыдырса болоорун айтышкан тараптар болгон. Чынында эле кантип болушун, биз ал кезде элестет алган эмеспиз. Көрсө, кептин төркүнү башкада жаткан экен. Мамлекеттик жетекчи катары ачык айта албаганбы же тергеп айтканбы, айтор дүйнөнүн баарын кыдырбаса да, коңшу өлкөлөргө эс алып келчү акча каражатына жетчүдөй пенсия алгандар деле бар экен. Алар кимдер деп ойлойсуңар? Албетте, баягы эле чиновниктер экен. Айрым атка минерлердин алган пенсиялары канча экени боюнча маалыматтар чыкты. Анда азыркы “Бир бол” партиясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаевдики бир жылдык пенсиясынын көлөмү 714 546 миң, айына 59 545 сом,  мурдагы бажы кызматкери, учурдагы депутат Салайдин Айдаровдуку бир жылда 193 336 миң, айына 16 528 сом, депутат Искак Масалиев жылына  341 363 сом, айына 28 446 сом алаары айкын болгон. Албетте, мындай пенсияларды учурда аскер кызматынын мурдагы кызматкерлери алаарын деле билебиз. Дегинкиси, ушул пенсиялар менен эле жер кыдырбаса, 7 миң менен той кыдыра албайсың го дгеибиз келип жатат.

«Факты кж»

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 



Видео // 16:42
Видео - Ишкер Саймаитини өлтүрүүгө шектүүлөрдү кармап келген учур...
Видео // 16:37
Эксклюзивное ВИДЕО событий 7-августа, переговоры Курсана Асанова...
Видео // 11:13
ВИДЕО - Эл өкүлү Жанар Акаев криминалга каршы согуш жарыялады...
Видео // 15:10
Өлкөнү санариптештирүүдө ири долбоорлор ишке киргизилип, өз натыйжасын берүүдө
Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү