Бардык жаңылыктар

Футбол: Кыргызстан Монголия менен ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн 15-октябрда, 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында, Монголия курама командасы менен беттешет. Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтө турган оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. Кыргызстандын «Ак шумкарлары» алгачкы беттешинде Тажикстанга 0:1 эсеби менен жеңилген. 10-октябрда, Бишкекте өткөн экинчи оюнда Мьянманы 7:0 эсеби менен утуп, үч упайга ээ болду.

Учурда F тайпасындагы эки оюнда алты упай топтогон Жапониянын курама командасы жадыбалдын сап башына чыкты. Эки оюнда алты упай топтогон Тажикстандын курама командасы экинчи орунда. Үч упай менен Кыргызстан үчүнчү орунда. Монголия төртүнчү, Мьянма бешинчи орунда турат.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат.
2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндарында, Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталып, 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 



Видео // 16:42
Видео - Ишкер Саймаитини өлтүрүүгө шектүүлөрдү кармап келген учур...
Видео // 16:37
Эксклюзивное ВИДЕО событий 7-августа, переговоры Курсана Асанова...
Видео // 11:13
ВИДЕО - Эл өкүлү Жанар Акаев криминалга каршы согуш жарыялады...
Видео // 15:10
Өлкөнү санариптештирүүдө ири долбоорлор ишке киргизилип, өз натыйжасын берүүдө
Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү