Бардык жаңылыктар

Шылуун Маевксий дагы бир кишини абакка айдады...

Орусиянын Тергөө комитети ИИМдин коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын биринчи орун басары, генерал-майор Александр Мельников 100 млн рубль пара сураганы боюнча шектүү деп кармалды. Бул тууралуу РЕН ТВ билдирди.

Көрсө, баягы Текебаев менен Чотоновду жалган жалаа менен каралаган Леонид Маевскийди “кылмыш жоокерчилигинен куткарып бере алам” деген кыязда пара сураган экен. Ал эми Маевский шылуундук менен колго түшкөн. Андан “Альфа банктын” кош ээлери Михаил Фридман менен Петр Авен жабыр тартышкан. Маевский “банкка зыян келтире турган маалымат таратып жиберем” деп коркутуп, 50 млн доллар талап кылган. Мамдуманын мурдагы депутаты Л.Маевскийге карата кылмыш иши былтыр 14-ноябрда козголгон. Ал 15 жылга соттолуп кетиши мүмкүн.

Ошентип Леонид  Маевский өзүнөн пара сураган деген айып менен үч бакандай кишини каматты. Буга чейин кыргыз саясатчылары Текебаев менен Чотоновду 1 млн доллар пара алып, убадасын аткарбай коюшту деп каматса, эми Россиянын ИИМинин бакандай генералын каматып жатат. Иши кылып бири-бирин эле жайлаган “миллионер” алдамчылар жайнап кетти. Кыскасы, шылуун Маевскийдин ким экени дагы бир ирет ачыкталып олтурат. Мындайча айтканда жала жабуу жагынан, шылуундук кылуу жагынан Маевский "алдына ат салдырбаган" адис тура... 





Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 



Видео // 16:42
Видео - Ишкер Саймаитини өлтүрүүгө шектүүлөрдү кармап келген учур...
Видео // 16:37
Эксклюзивное ВИДЕО событий 7-августа, переговоры Курсана Асанова...
Видео // 11:13
ВИДЕО - Эл өкүлү Жанар Акаев криминалга каршы согуш жарыялады...
Видео // 15:10
Өлкөнү санариптештирүүдө ири долбоорлор ишке киргизилип, өз натыйжасын берүүдө
Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү