Бардык жаңылыктар

Сынакта 5 миң доллар таажыны нарындык сулуу кыз жеңип алды

12-октябрда, Sheraton мейманканасында «Кыргызстан сулуусу – 2019» сынагынын финалы болуп өттү.  Ага ар кайсы аймактан келген (16 жаштан 24 жашка чейинки) 17 кыз катышып, баш байгени нарындык сулуу, 21 жаштагы Айжан Чаначева жеңип алып, 5 миң долларлык таажыны башына кийди. Жеңүүчүнүн башына таажыны “Кыргызстан сулуусу – 2018» сынагынын жеңүүчүсү Элмара Буранбаева кийгизди. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Алардын айтымында, жеңүүчүнүн туулган жери Нарын, студент, Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинде окуйт. Кыргыз, орус, англис, испан, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Айжан Чаначева ушул жылдын 14-декабрында Лондондо өтө турган “Аалам сулуусу – 2019” сынагына катышат.

Эске сала кетсек, аталган сынакка 30 кыз катышып, финалга 17 кыз чыккан. Ага чейин, 5-октябрда «Кыргызстан сулуусу – 2019» сынагынын жеңүүчүсүнө ыйгарыла турган таажынын бет ачаары болгон. Анда сынактын уюштуруучусу, белгилүү модель Бегимай Карыбекова сүйлөп, таажынын жасалгасы тууралуу айтып берген. Таажынын баасы 5 миң долларды түзгөн, анын автору – зергер Рашид Шадыканов.

Булак: KyrgyzToday.kg


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 



Видео // 17:41
ВИДЕО - Бишкекте бычак көтөрүп алып элди опузалаган адамды, милиция кызматкерлери күч менен кармады
Видео // 18:30
Видео - СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ! Кой-Таш окуясынын Ачуу - ЧЫНДЫГЫ, Генерал Курсан Асановдун актыгы жана тактыгы...
Видео // 11:57
Бажы документтерин каттоого алуу онлайн трансляция аркылуу жүргүзүлүп баштады
Видео // 11:55
"Жашыл экономика" Кыргызстанга кандай пайда алып келет?
Видео // 11:54
Талас тургундары таза суу менен 90 пайыз камсыз болду