Бардык жаңылыктар

Кызыл-Кыяда “гашиш” баңгизатын алып жүргөн жарандар кармалышты

Кызыл-Кыя шаарынын аймагынан жанына “гашиш” баңгизатын алып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы.

1-октябрь күнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагында Кызыл-Кыя ШИИБнын Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери (БМЖККК), Кыргыз Республикасынын УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, ыкчам-иликтөө иш-чарасын алып баруу учурунда, Кызыл-Кыя шаарынын 54 жаштагы жашоочусу М.у.Ж аттуу жаранга өздүк кароо жүргүзүлүп, жанынан өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү зат алынган. Алынган затка экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусуна ылайык «гашиш» баңгизаты экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиинин 267-беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Кармалган жаран Кызыл-Кыя ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ошол эле күнү Кызыл-Кыя шаарынын аймагында мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиндеги баңгизатка байланышкан беренеси менен бир нече жолу соттолуп, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын Кызыл-Кыя шаарындагы №43 жатак абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан, Кызыл-Кыя шаарынын 49 жаштагы тургуну Б.С. аттуу жаранды тинтүү учурунда жанынан өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү зат алынган. Ал зат экспертизанын корутундусуна ылайык «гашиш» баңгизаты экендиги аныкталып, аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө жана жаран Б.С. убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!