Бардык жаңылыктар

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон

Чыңгыз хан өзүнүн мураскерлерине “Улуу Ясаны” эч бир өзгөртүүсүз сактап калууну насыят кылган. Ал: «…Эгерде улуу адамдар (мамлекет), бахадурлар (баатырлар – аскер башчылары) жана эмирлер (ноёндор)… мыйзамды бекем карманбаса, анда мамлекеттин иши кыйрайт, Чыңгыз ханды зарлап издеп калышат, бирок (аны ошондо) таба алышпайт…», – деген. 

Булак: Рашид ад-Дин, «Летопистердин жыйнагы» Москва: Ладомир, 2002. Т.1. 2-чи китеп. Бети-260. 

АЛАН ГОАНЫН АТА-БАБАЛАРДЫН УРУУСУ – ХОРИЛАР (ХОРИ-ТУМАТТАР) БОЛГОН

Чыңгыз хандын атасынан жогору эсептегенде, анын «11-биологиялык жашыруун атасы» орус окумуштуусу Е.И. Кычановдо «Маалих Баяудец» деп берилген (Е.И. Кычановдун «Ааламды багындыргысы келген Темучиндин өмүрү» китеби, 40-бет). Аны Кычанов «чачы сары, көзү көк Енисей кыргыздарынан» деп айткан. Бирок, Маалих кыргыздын кайсы уруусунан экенин так аныктай алган эмес. Мунун таржымалы Чынгызхандын 11-ыйык энеси Алан гоанын окуясынан чыгат. Т.а., «Ыйык баянда» Алан гоа күйөөсү Добун мерген өлгөндөн кийин «Үч эм эгиз уулдарды Маликтен төрөгөнү» алардын улуу эки агалары тарабынан айтылат. Окумуштуу Евгений Кычанов ушул маалыматка таянган.

Эми ушул жерден Алан гоа (гоо) жөнүндө баянды академик С.А. Козиндин котормосун- дагы «Ыйык баян. 1240-жылдагы моңгол хроникасы» деген китебин кароо менен баштайлы (Т.1, М­Л., 1941/42 жж. 12­ бет):

 «Бир тууганына кайрылып, Дува сохор мындай деди: «Дарыя тарапка көчүп бараткандардын арасында, арабанын үстүндөгү боз үйдүн алдыңкы бийик жагында бир сулуу кыз отурат. Ал ушунчалык сулуу экен, кел, сага ошону кудалашалы, Добун мерген бир тууганым». 

Ошол сөздөрдү айтат да кызды көрүп, байкап кел деп Добун мергенди артынан жөнөтөт. Добун мерген караса, чын эле жамалынан ай толукшуган чырайлуу, сымбаты да келишкен кыз экен, тектүү да жердин перзенти, анан да кудалашкан эч ким болбоптур. Аты болсо – Алан гоо экен. 

Алан гоонун атасы – хори тумеддердин ноену Хорилардай мерген, энеси болсо – Баргу- жин гоо; 

Алан гоо хори тумеддердин Ариг ус деген жеринде жарыкка келген. 

Энеси Баргужин гоо – Хул (Улуу) Баргужин уруулар тукумунун башчысы Баргудай мергендин кызы жана алардын жери көз жетпеген ыраак жерлерде жатат. 

Алар Алан гоа менен чогуу көчүп жүргөн адамдар болсо, демек, анын атасы Хорилардай мергендин уруусу болот эмеспи», – деп айтылат «Ыйык баянда».

Бул жерде туматтар «тумед» деп берилгени көрүнүп турат. Негизи, булар туматтар деп аталат. Ал эми Алан гоанын апасы кыргыздын Улуу Баргы уруусунан экени так айтылып турат. Т.а., ошол убакта баргылар ушундай аталган. Баргылар жөнүндө китепте кенен маалыматтар бериле турганын эскерте кетели.

Эмесе, тарыхый булакты дагы улантып карайлы (Рашид ад ­Диндин «Летопистер жыйнагы», 122­ бет):

«Бул уруунун (туматтардын) турган жери жогоруда аталган жерге жакын жана Баргу- жин-Токум деп аталат. Булар да Баргулардан тараган бир бутак». 

Көрүнүп тургандай, туматтар Баргы уруусунун бир бутагы болуп саналууда. Демек, туматтар да баргы болуп эсептелет. 

Жогорудагы «Баянда» айтылгандай, «Хори» – «Туматтын» алдында турат, алар көп учурларда Хори-туматтар деп аталат.

Жогорудагы маалыматтар негизинен кыргыздын үч уруусун көрсөтүп турат.

Алар: 1. Баргы, 2. Тумат, 3. Хорилар. 

КЫРГЫЗ УРУУЛАРЫ

Ушул жерден дагы бир баалуу маалыматты айта кетпесек болбойт. Маселен, Рашид ад -Диндин «Летопистер жыйнагы» (1301-1311-жылы Иранда жазылган) эмгегинин «Кыргыз уруусу» деп аталган темасында кыргыз катары 4 уруунун аты даана берилген (150­ бет). Алар: Баргу, Тумат, Кори, Баяут. 

Кепти созбой, китептин «өзүлөрүнүн ханы жана башчылары болгон түрк уруулары» деген бөлүмүндөгү «Кыргыз уруусу» деген темасын карайлы (150 ­151 ­беттер, орусча түп нускадан которулуп берилди):

«Кыргыз жана Кэм-Кэмжиут бири-бири менен байланышкан, окшош эки жамаат; алардын экөө тең бир ээликти (мамлекетти) түзүшөт. Кэм-Кэмжиут – чоң дарыя, бир жагы Моголистандын чегине тийип турса, башка жээги – тайжиуттардын уруусу отурган Селенга дарыясы менен тийишип турат. Бир жагы Анкара–мурэн деп аталган чоң дарыянын суусу менен тийишип турса, экинчи жагы Ибер-Сибэр деген жайдын чектерине чейин жетип турат. 

Кэм-Кэмжиуттун бир жагы тоо менен жайык жерлерди ээлеп отурушкан найман уруулары менен чектешип турат. 

Кори, баргу, тумат жана байаут уруулары да ушул жерлерге өңүттөш Баргужин -Токум деген жерге жакын отурукташкан. Бул аймактарда шаарлар менен кыштактар көп, көчмөндөрдүн саны да арбын. Алардын хандарынын аттары башка болсо да башына – Инал деген ат кошулуп айтылат, анткени бул уруунун ысымы, ал эми сыйга татыктуу, таанымал адамдардын аттарына – Еди деген сөз кошулуп айтылат. Башка аймактын аталышы – Еди-Орун, ал жактагы хандын атын Урусинал дешкен. 

Коён жылы болуп саналган толай 603- жылы (1205-1207- ж.) Чыңгыз хан жогорудагы эки мамлекет башчыларына Алтан жана Букра деген эки чабарман жиберип, аларды баш ийип берүүгө чакырган. Тигилер болсо чабармандарга кошуп өзүлөрүнүн Урут– Утужу, Элик–Тимур жана Ат – кирак деген эмирлеринен кичүүдөн улууга карата сый катары шумкар куш бердирип, ага баш ийүүгө макул экендиктерин билдиришкен. 

Ошондон он эки жылдан кийин арстан жылында Баргужин – Токум менен Байлукта отурган Туматтардын уруусу козголоңго чыгышкан. Алар кыргыздарга жакын болгондуктан, аларды басыш үчүн моңголдор кыргыздардан аскер [чарик] сурашкан; бирок кыргыздар аскер берген эмес, өзүлөрү да каршы чыгышкан. Чыңгыз хан аларга уулу Жучини аскери менен жөнөткөн. Кыргыздардын жол башчысы ошондо Курлун болгон, ал эми моңголдордун башчысы Нока деген эмир болуптур. Нока өзү алдыда ат коюп, кыргыздарды качырып кууп, сегизинчи дарыядан артка кайткан. Жучу аскери менен жетип келгенде Кэм-Кэмжиут дарыясына муз тоңуп калган болот. Ал муздун үстү менен болсо да барып, кыргыздарды баш ийдирип, артка кайткан», ­ деп жазылат Рашид ад­-Диндин эмгегинде.

Жогорудагы окуяны окумуштуулар далай чечмелешти, далай иликтешти. Биз аларга токтолуп олтурбастан, коңшу жашаган кыргыздардын 2 уруусун карайлы. Алар: баргу менен туматтар. Баргу менен Тумат урууларынын Баргужин ­Токумда жанаша жашап тургандыгы тарыхый булакта так айтылып жатат. Баргунун – баргы уруусу экендигинде шек жок. Баргылар азыр дагы кыргыз элинин эң ири урууларынан. Ошол убакта да туматтар баргылар менен бирге Баргуджин ­Токумда жанаша турганы айтылууда. Тактап айтканда, туматтар баргылар менен коңшу жашаган уруу.

Эми тарыхый окуяга кайра кайрылалы, «Он эки жылдан кийин» эркиндикти сүйгөн туматтар Чынгыз ханга каршы көтөрүлүш чыгарып жатышат. Тарыхый булакта «туматтар Баргынын бир бутагы болот» деп айтылган. Туматтардын көтөрүлүшүн – туугандык ич ара келишпестиктерден улам чыккан наа­ разылык десек болот. Эмесе тарыхый булакты кайра дагы карайлы (Рашид ад ­Диндин китеби, 122 ­бет):

«Бул уруунун (туматтардын) байырлаган жери жогоруда айтылган Баргужин-Токум болуп калды. Ал деле туугандарынан жана Баргулардын (Баргылардын) бутагынан тараган». 

Ошондуктан, туматтар түбүндө Баргы уруусуна кирген. Маселен, туматтар Кыргызстандын Ош областындагы Алай районунда азыр дагы бар. Ал гана турсун, ушулардын аты менен аталган жер аттары да бар. Аталышы: Туматай (Туматай же Тумат тай) деген жер бар. Алайдын бели Чыйырчыктан ашып түшкөндөгү Жылуу-Суу деген жерде коңураттар да бар, алардын ичинде тумат деген урук бар.  Туматай (Тумат­ ай) жери да, тумат уругунун өкүлдөрү азыр деле ошол жерде (Жылуу­ Сууда) турат. өзүлөрү коңураттарга кирет. Ушул жерден «Туматтар Чыңгыз хандын убагында баргылар менен коңшу жашаган болсо (же баргылардын бир бутагы болсо), азыркы учурда алардын айрым бөлүгү эмне үчүн коңураттар менен бирге турушат?» ­ деген суроо туулат.

Ага төмөнкү тарыхый булак айкын жооп берет (Рашид ад ­Диндин китебинин 162­ бети): «Чыңгыз хандын убагында Алчу ноён деген кадыр-барктуу эмир болгон. Анын Шин-кугурген (гурген – күйөө бала дегенди түшүндүрөт) деген уулу болгон. Чыңгыз хан эмирге конураттардын башка урууларынан төрт миң жигит берип, башчы көтөргөн: Тулуйхан деген кызынан улуусу Тумалун аттуу кызын да берип, аны Тумат аймагына жиберген, алардын тукумдары азыркы кезге чейин ошол жакта турушат», – деп жазылган. 

Бул жерде Чыңгыз хандын чоң уулу Жучу туматтардын көтөрүлүшүн баскандан кийин, аларды такай көзөмөлдөп туруш үчүн Чыңгыз хан Шинку гурген деген күйөө баласына коңураттардан 4 миң жоокер берип, туматтарды башкартып коюуда. Ушул окуядан баштап, туматтар коңураттардын ичине кирип калган. Ал эми көрүнүктүү орус окумуштуусу Е.Г. Грум-Грижмайло өзүнүн белгилүү жана көлөмдүү эмгегинде Баргужин-Токумдагы (азыркы Байкалдын алды) баргылардын кыргыз экенин минтип так далилдеп жазган:

«Канткен менен кайсы бир замандарда буруттар (жуңгарлар батыш кыргыздарын ушинтип аташкан) Барга, Баргужин-токум деп аталган аймакта буряттар менен коңшу жашашканы шек туудурбайт. Аларга кыргыздар (кергуттар) кошуна болуп турганын кара-кыргыздардын негизги урууларынын биринин аты менен аталган Барга (Баргы) деген аталыш далилдеп турат». 

Негизи, Баргужин тукумундагы баргылар 10-кылымдын орто ченине чейин байырку (кытайча баеги­ байегу) деп аталышкан. Тарыхый булактарда байырку- баргы түрк тилинде сүйлөгөн (кыргыз тилинде) уруу деп турат. Муну окумуштуулардын бардыгы билет. Азыркы Кытайдын Ички Монголиясында 60 миңге жакын баргуттар (баргылар) бар. 

1939­жылдагы совет япон согушунун мезгилинде даңазалуу маршал Г.К. Жуков да баргуттар менен жолугушуп сүйлөшкөн (бул маалымат Г.К. Жуковдун «Эскерүүлөр жана ой толгоолор» деген китебинде (1969-ж.) жазылган). 

Баргылар Баргужин-Токумду кантип негиздеген? 

Эми бурят тарыхында баргылар жөнүндө эмнелер айтылган, ошого да токтоло кетели (Булак: www.buryatia.org.):

«Баргут уруусу – Забайкальедеги эң байыркы уруулардын бири. Баргуттар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар 7-10 – кылымдардагы байыркы түрк жана кытай булактарында кездешет. Түрк каганаты мезгилинде (6-7 – кылымдар) Баргуттардын (Баргылардын) уруусу Баерку (Байегу-Байырку) деп аталган. Алар башта Түрк – телес урууларына кирип, азыркы Моңголиянын аймактарында көчүп жүрүшкөн. Кийинчерээк азыркы Бурятия менен Забайкальенин аймактарына көчүп келишкен. 

Баргуттар (Баргылар) туурасындагы маалыматтар түрк тилдүү булактарда кездешип, анда алардын башчысы Ехэ Ерхен (Улуу Эркин) болгону айтылат. (Ехе – кыргызча – аке, Ерхен – Эркин деген эле сөз). Ошондой эле «Ыйык баянда» да баргуттардын жол башчысы Баргудай мергендин кызы – Хоридай мергендин аялы болгону айтылат. «Моңголдордун» түпкү энеси Алан гоа ушулардан туулган делинет. 

Баргуттар азыркы Баргузин (Баргы-өзөн) аймагынын ойдуңунда Бурятиянын түндүгүндө жашашкан, курыкандар талкалангандан кийин алардын түштүктөгү кошунасы меркиттер жана хори-туматтар болуп калган. 9 -13-кылымдарда баргуттар курыкандарды сүрүп чыгарып, Забайкальенин негизги калкына айланышкан. 

Баргуттар Байкалдын чыгыш жээгинде жайгашкан, мамлекеттүүлүгү түзүлө баштаган Баргужин – Токум уруу биримдигин түзүүнүн башатында турушкан. Баргуттар (Баргылар) бул биримдикте чоң роль ойногон жана бул хорилер туурасындагы уламыштарда сакталып калган. Аларда Бурядай менен Хоридайдын атасы – башкача айтканда, буряттар менен хорилердин биримдигинин башчысы Баргы баатыр болгону айтылат. 

13-кылымда баргуттар Чыңгыз хандын Борбор Азиядагы урууларын бириктирүү боюнча күч-аракеттерин колдоого алышып, Моңгол империясынын курулушуна ири салым кошушкан. 

Баргужин-Токумдун өкүлдөрү Чыңгыз хандын ишенимине ээ болушкан: анын жеке гвардиясына киришкен, жогорку мамлекеттик жана аскердик кызматтарды ээлешкен. 

Империянын кулашы менен баргут уруулары чачыранды болуп кеткен. Байкалга алгачкы орус жер кыдыруучулары келгичекти, ал жерде бир нече чакан баргы уруулары жашап турушкан», – деп айтылат Бурятия тарыхында. Бул жерде өтө көп нерсе айтылган. Тактап айтканда, баргылар мамлекет түзүүнүн алдында турганы жана Баргужин ­Токумдагы уруулар биримдигинин башчысы болгону да так берилген. Ошонун ичинде Алан гоа жөнүндө да туура белгиленген. Маселен, «Ыйык Баян» боюнча Алан гоа Улуу Баргылардын падышасы Баргудай мергендин кызы – Баргужин гоодон туулгандыгы биротоло такталды. Ал эми Алан гоанын атасы Хорилардай мерген жогоруда – Хоридой мерген деп да берилүүдө. Ошол эле убакта Хоридой мергендин атасы – Барга (Баргы) баатыр болууда. Негизи, Баргылар Байкалдын тегерегинен кеткени менен тарыхий-санжырасы буряттарда кала бергени көрүнүп турат. 

Кыскасы, Бурят тарыхында деле Хорилар (Хоридай) Баргы экени далилденүүдө. 

Демек, бул жерде Улуу баргылардын Онон дарыясынын башталышына жакын жашашкан дагы бир бөлүгү (Хори -туматтар) тууралуу сөз болуп жатат. Мындан Алан гоанын апасы, атасы да Баргы уруусунан экени такталды. Тактап айтканда, Алан гоанын чоң атасы – Баргы баатыр болууда, ал эми таятасы – Баргудай мерген болгон. Демек, Алан гоа – кыргыз, болгондо дагы кыргыз элинин Баргы уруусунан болоору көрүнүп турат. Кантсе да баргылардын бул кезде бир топ көбөйгөнү байкалууда, өзгөчө, Чыңгыз хандын ишенимине киргени так берилген. Себеби, Чыңгыз хандын түпкү теги – т.а., 11­ энеси Алан гоа – Баргы кызы болуп жатпайбы.

Эми биротоло, Түрк каганаты түзүлгөнгө чейинки тарыхты да карай кетели. Себеби, мында «6-7-кылымдарда Баргылар азыркы Моңголиянын аймагында көчүп жүрүшкөн» деген маалымат чечмеленип турат…

ХУННДАРДЫН (ГУННДАРДЫН) ЧАЧЫРАШЫ… 

Тарыхта Хунндар жөнүндө бир алаамат окуя бар, ошону айта кетпесек болбойт:

«…93-ж., Кытайдын коалициясына кирген сянбилер, динлиндер жана чештер (Турпан оазисинин тургундары) Хунндарды Их-Баяндагы согушта талкалашкан, 155-жылы болсо сянбилердин башчысы Тяншихуай Хунндарды талкалап, мунун кесепетинен хунн этносу төрт бутакка ажырап кеткен жана алардын бири жеңишке жетишкен сянбилерге кошулган, башка бөлүгү Кытайга көчкөн; үчүнчү бөлүгү Тарбагатай менен Кара Иртыштын тоолорунда, токойлорунда жана капчыгайларында калып калышкан. Төртүнчү бөлүгү болсо согушуп атып, батышка (Гунндар) чегинишкен жана 158-жылы Волга жана Төмөнкү Донго жетишкен. Батышка чегинүүнүн жүрүшүндө алсыраган Хунндардын төртүнчү бөлүгү – Юэбань мамлекети түзүлүп (160 – 490), Семиречьенин (Жети–Суунун) жана Батыш Сибирдин аймактарында калып калышкан» ­ деген маанилүү маалымат википедиядан алынды.

Бул түрк тилдүү хунндар (гунндар) үчүн өтө чоң кайгылуу окуя болгон. Ал трагедияны тарыхчы окумуштуулар жакшы билишет. Мында талдай турган көп нерселер бар. Тарыхта көрсөтүлгөндөй, кийин юэбаньдар хунндардын үчүнчү бөлүгү жагына барып кошулган. Анан ушул хунндардын ичиндеги баргылар түндүк­ чыгышка, Байкал көлү жакка барып, Баргуджин­ токум жерин негиздешкен. Негизи, кыргыздын Баргы уруусу (Байырку) тарыхый булактарда Хунндардын урпактары деп берилет. 

Тарых илими Хунндардын падышасы Моде менен Угуз ханды бир адам деп кароодо. Ал эми Рашид ад­ Дин өзүнүн эмгегинде Чыңгыз хандын элинин түпкү тегин Угуз хандан чыгарат. Демек, Моде – Угуз хан болсо, анда Хунну (Гунн) элинин жогорудагы окуясы кыр гыздардын (баргылардын) тарыхына да тиешелүү болот. Чыңгыз хандын байыркы бабаларынын да тарыхта өтө катуу кыргынга дуушар болуп, андан эки үй­ бүлө Эргене ­Кунга кире качып кутулган окуясы баяндалган. Кийин ал жерге батпай калышканда, ошол элди (кыяндарды) Чыңгыз хандын 22­ түпкү атасы Бортэ чоно баштап чыгат («Ыйык Баян», 308­ бет).

Улуу Түрктөрдө (Көк Түрктөр) да мына ушундай окуя бар. Алар Хунндар кыйрагандан (б.з. 93-95-ж.ж.) кийин, 450 жыл өткөн соң (б.з. 553-555-жылдары) Хунндардын чакан Ашина деген уругу Төөлөстөрдү (телес) өздөрүнө кошуп алуу менен Улуу Түрк империясын курган. 

ХОРИЛАР – ГОРЛОС МЫНДАН КЫЯН ЧЫГАТ, АЛ ЧЫҢГЫЗ ХАНДЫН АТА-БАБАЛАРЫНЫН УРУГУ 

Эми Алан гоага кайра келели. Анын атасы Хорилардай мерген баргылардын бир бутагы болгон туматтардын да аскер башчысы болуп жатат. Бул бийлик Хориларга (Хоридойго) атасы Баргы баатырдан калган. Кий- ин ошол Хорилардай мергенге баш ийген эл – өзүнүн туугандары Хорилар уруусу болуп аталышыптыр («Ыйык Баянды» улантып окуйлу, 12­ бетинде):

«Хорилардай мерген жакын жашаган уруулардын ичинен териси баалуу айбанаттары көп жерлерди талашуудан келип чыккан келишпестиктен улам хорилар туматтардын чегинен четтеп кеткен. 

Хорилардай мерген менен анын адамдары да обочолонуп, өзүлөрүнүн ноёнунун Хорилар деген аты боюнча өз алдынча уруу аталышкан» – деген маалымат бар. 

Демек, Хорилар менен Туматтар ушул окуядан кийин бөлүнүп кетишкени аныкталуу- да. Хорилар уруусун Рашид ад-Дин өзүнүн китебинин 1-томунун 2- бөлүмүндө мындай  деп берген (А.Мелехиндин котормосундагы «Ыйык Баян», 2013 ­ж. чыккан, 309 ­бет, топтом катары берилген Рашид ад ­Диндин «Летопистер жыйнагынан» үзүндү):

«Алан гоо Горлос уруусунан болгон» ­ деп так айтылып турат.

«Баянда» Алан гоанын атасы Хорилардай мерген Хори ­туматтардын аскер башчысы болуп жатпайбы. Анын атасы – (Алан гоанын чоң атасы) Баргы баатыр болууда. Кийин ошол Хорилардайдын эли Хорилар уруусу болуп калууда. Аны Рашид ад­ Дин «Горлос» деп жазып жатат. Демек, Хорилар-Горлос бир эле уруу болуп чыгууда. 

А.Мелехин которуп чыгарган «Чыңгыз хан. Моңголдордун ыйык баяны. Улуу яса» китебинде Абул Газы бахадыр хандын «Түрк санжырасы» да топтом катары басылган экен, эми ошого көңүл буралы (Москвадан 2013­ ж. чыккан, 308­ бет):

«Бортэ чоно Горлос уруусунан – Хиан уругунан болот», – деп кашкая, так жазылып турат. Бул өтө маанилүү маалымат. Анткени, Чыңгыз хандын түпкү ата-бабаларынын уругу болгон Кыяндар – Горлос (Хорилар) уруусуна киргени так айтылган. 

Демек, Чынгыз хандын түпкү ата­ бабаларынын уругу болгон кыяндар хориларга кирсе, хорилар хори туматтар деп да айтылып жатса, анда Чыңгыз хан ким болот? Албетте, дүйнөнү дүнгүрөткөн Чыңгыз хан – кыргыз – болгондо да Баргы уруусунан болот! Негизи, Бортэ чоно Чыңгыз хандын 22-түпкү атасы болору «Баянда» өтө так жазылып турат (ал санжыра – тизмек да берилет). Болгондо да ал кыяндарды башкарган адам болгон. Айтып тургандай, Кыян уругу Горлос (Хорилар) уруусунан экенине чейин так жазылууда.

Демек, хорилар менен горлос бир эле урууну түшүндүрүп жатат. Мында Борте чонодон баштап, Добун мерген (Чыңгыз хандын 11­ атасы) менен, Алан гоа өзү да ата бабалары менен  «Горлос уруусунан болот» деп турат. Демек, Добун мерген деле Баргы уруусунан болот. «Ыйык баяндагы» (түп нускадагы) хориларды кыйла кийин Рашид ад­ Дин фарс тили менен «Горлос» деп жазган, аны Абул Газы бахадыр хан колдонгону көрүнүп турат. Бирок, хорилардын башындагы «хор» сөзү – «гор» бойдон өзгөргөн эмес.

 «Ыйык баяндагы» Чыңгыз хандын ата-теги тизмектелген линияда Добун мерген анын 11-атасы болуп, ал эми Бортэ чоно 22- түпкү атасы жана эл башчылары катары жазылганын дагы бир жолу эскерте кетели. Алардын аралыгындагы аталары да так жазылган («Ыйык Баяндын» 11 ­бети):

«Көкө Теңирдин эрки менен жарыкка келген Чыңгыз хандын түпкү атасы – Бортэ чоно (Х.Пэрлээнин ырастоосу боюнча 758-ж. туулган) жана анын аялы Хоо марал Тэнгэс дарыясынан өтүп барып, Онон дарыясынын өйдөрөөк жагындагы Бурхан халдун тоолоруна отурукташып калышкан. Ал жерде уулдуу болушуп, ага Батачы хан деген ысым ыйгарышкан (786-ж. туулган). Батачы хандан Тамачу (828-ж. т.); Тамачудан Хоричар мерген (хоричар – көзгө атаар дегенди билдирет); Хоричар мергенден Ужим борохул (847-ж.); Ужим борохулдан Сали хачагу; Сали хачагудан Их нуден (873-ж.); Их нуденден Сэм сочи (891-ж.); Сэм сочиден Харчу (908-ж.). Харчудан Боржигидай мерген туулган. Боржигидай мергендин Торголжин баян (Торголжун бай) деген уулу болгон. Торголжин баяндан эки уул – Дува сохор (Дува – көзү азиз) жана Добун мерген туулган (945-ж.)». 

Булар Улуу Баргынын хориларга кирген кыяттарын башкарышкан. өйдө жактагы 758, 786, 828­ жыл деген фактыларды алсак, бул убак Уйгур империясы курулган мезгилдерге туура келет.

Ал эми 840­жылдан бери жагы Улуу Кыр­ гыз Каганаттыгынын доору болот (мында 847­жылдан 908­жылга чейинки даталар берилген). Баргылар дал мына ушул убакта күчтөнүшүп, Байкалды биротоло ээлешкен.

Жогорудагы тарыхый булакта туматтар баргылар менен Баргужин ­Токумда бир турганы айтылган жана алардын бир бутагы болот деген. Хорилар уруусу болсо түштүк тараптагы Баргы баатырдын баласы Хоридай (Хорилар) мергенден тарап жатат. Ошол кезде хорилар менен туматтар бир болууда, ал эми хорилардан (горлос) кыяндар чыккан. Ошентип, Чыңгыз хандын өз эли хорилар ага кирген кыяттар түбүндө Улуу Баргы – кыргыз болгон. 

 «КУЙРУГУН ШЫЙПАҢДАТКАН САРЫ ИТ…» 

Эми Алан гоанын «Ыйык Баянда» айтылып жаткан (ушул китептин башында, 21-­бетте айтылган) окуясын кайрадан улантып окуйлу:“Алан гоо менен Добун мергенден эки уул – Бугунудей менен Белгунудей туулган. Күндөрдүн бир күнүндө Добун мерген Тогоцог тоосуна мергенчиликке чыгып калат. Келатса алдынан бир урианхай (же ураанхай – бул Тува, Туматтар – Ч.А.) жолугуп калат, ал атып алган үч жашар кийиктин кабыргаларын отко кактап, бышырып отуруптур. Анын жанына барган Добун мерген: «Чынымды айтайын, олжосун бөлүшкөн дос деген ушундайда билинет!», ­ дейт (Бул шыралга сурап жатканы – Ч.А.).

Аңчы – урианхай (тумат) кийиктин башын жүрөгү, өпкөсү менен кошо кесип алып, өзүнө алат да, калган эттин баарын Добун мергенге сунат. Добун мерген кийиктин этин атына жүктөп алып, үйүнө келсе, босогосунун так түбүндө кийими тытык, арып чарчаган, ачка бир шордуу абышка отурганын көрөт, анан да жанында колунан жетелеп алган өспүрүм баласы бар экен. 

«Сен кайсы уруудан болосуң?» деп сурайт андан Добун мерген. Тиги бечара болсо: 

«Мен Малиг баягудай (байагу) уруусунан болом. Ачкамын, алым жок. Суранам, мага этиңден бир аз берсең. Мен сага бул жакшылыгың үчүн уулумду кызматчы кылып берейин», – дейт жалдырап. 

Боору ооруган Добун мерген макул болуп, ага кийиктин бир сан этин карматат да, анын уулун алып калат. Ошондон тартып өспүрүм анын кызматчысы болуп калат» ­ деп жазыл- ган (Козиндин котормосундагы «Баян», китептин 13­-бети).

Мына, «Малик баягудай» (Маалих Баяудец) аттуу баланын тарыхта калган окуясы ушул жерден башталган. Ошол баланын атасы Добун мергенге: «Мен Малик Баягудай уруусунанмын», ­ деп жатат. Бечара бала Добун мергенге эликтин бир сан этине алмашылып, малай болуп калган. «Чаташуунун баары ушул жерде» экенин эскерте кетели. Эми дагы бир өтө кундуу маалыматты карайлы (Рашид ад­ Диндин китебинин 162­ бети):

«Баяудай-Харбатан аларга таандык жана ошол жактан келген. Баяудайдан чыккан Олкунут уруусу Коңураттардын бир бутагы болуп калган». 

Жогоруда Харбатандын алдында – Баяудай (Байагу, Байеги) деген сөз турат. Ошол Баяудайдан чыккан Олкунут уруусу коңураттардын да бир бутагы болууда.

Демек, жогорудагыларга негизденсек, Баяудай­ Харбатан коңураттарга таандык болууда.

ДОБУН МЕРГЕНДИН ЭКИ УУЛУ ЭМНЕ ДЕГЕН? 

«Ыйык баянды» андан ары улантып окуйлу:” Көп күндөр өтүп, Добун мерген дүйнөдөн кайтат. Добун мерген ааламдан өткөн соң анын жесири Алан гоо дагы үч эгиз уул төрөп, аларга – Бугу хатаги, Бугуту салжи жана Бодончар мунхаг деп ысым берген (бул үч эм 970-жылы туулган). Бодончар – аңкоо чалыш дегенди билдирет. 

Атасынын көзү тирүүсүндө төрөлгөн берки уулдары Белгунудей менен Бугунудей апасы Алан гоого билдирбей, кез-кезде өз ара күдүңдөшүп, минтип калышат: 

«Энебиз атабыздын туугандары жок болсо да, же башка күйөөсү болбосо да, бизге үч ини төрөп берди. Бирок, биздин үйдө үй кызматын аткарган чоочун эркек жүрөт, ал Малиг баягудай уруусунан чыккан кул кызматчы. Балдар кыязы, ошондон туулса керек»… 

Бул жерде «апабыз Малиг баягудай уруусунан болгон кызматчыдан дагы үч эм уул төрөдү» деп Добун мергенден туулган эки баласынын шектенгени айтылууда.

Алан гоа күйөөсү Добун мерген өлгөндөн кийин мураскерлер жаш болгондуктан, Добун мерген башкарган элди башкарып калган эле. Ал эки баласынын нараазысынган күдүк ойлоруна кандай жооп айтканы мындайча баяндалат:

«Улуу балдары ага билдирбей күбүр-шыбыр кеп кылып, өз алдынча шектенип жүрүшкөнүн байкаган Алан гоо бир жолу жазга жуук сүрсүгөн эттен кайнатып, беш баласына – Белгунудей, Бугунудей, Бугу хатагы, Бугуту салжи жана Бодончаар мунгахка тамак берет. Анан алардын баарын маңдайына тизип отургузуп алып, ар бирине бирден жете карматат да «сындыргыла!» дейт. Баары шарт-шурт эле сындырып салышат. Ошондо Алан гоо башка беш жебени бириктирип байлайт да ар бирине кайрадан сунуп: «Эми сындыргыла!», – десе, алардын бири да сындыра албайт. 

Ошондо Алан гоа: «Уулдарым, Бэлгунудэй менен Бугунудэй! Силерде энеңердин үч эгиз ини төрөп бергени жана алардын атасы ким экени туурасында күдүк ойлор бар турбайбы? Бул шектенгениңер, албетте, туура. Бирок, силер бир нерсени таптакыр билбейсиңер. 

Силерге эми ыймандай сырымды айтайын: биздин боз үйгө күн сайын түн ичинде түндүктөн Асмандын кишиси нур сыяктуу түшүп келип турган, анын тегерегинде дайыма нур балкып тураар эле, ошол Нур куюлуп келип мага кирчү… 

Ай батып, күнгө ордун берээрге жакын калганда ал кудум эле «куйругун шыйпаңдаткан сары ит» сыяктуу шашыла чыгып кетчү; кетип баратканда артынан жаркыраган нур сызылып, ээрчип кетээр эле. Башка эч нерсе деп айта албайм. Ошондуктан, силердин инилериңер – Асмандын уулдары». 

Ошентип, алар энеси Алан гоа менен ал бул жарык дүйнөдөн өтүп кеткенче жашашты». 

Антип­-минткиче, Алан гоа да дүйнөдөн өтөт. Кантсе да ал ошол мезгилдеги диндерди, санжыра­ тарыхты мыкты билген билимдүү, зирек падыша аял экени көрүнүп турат. Алан гоа Добун мергенден калган эки уулуна: «Силердин бир туугандарыңар – Асман уулдары» деп айтып жатпайбы. Ал өзүнүн урпактарына, «асман (Теңир) элчисинин уулдары» жөнүндө эң мыкты идеология калтырып кеткен. Эки баласы айтып жатса деле, Алан гоо: «Үч эм асмандан түшкөн нур кишиден жаралды» деген сөзүнөн кайткан эмес. Ал эми аны «Маликке байланыштырып айыптоо» Алан гоанын тирүүсүндө деле далилденбегени тарыхый булакта жазылып турат.

Негизи, Алан гоанын сырдуу окуясын 2 вариантта караш керек.

Биринчиси – асмандан түшкөн нур (Кут). Нур–Ислам дининде да жогору бааланат. Мында 3 эмдин туулушу – Христиан дининдеги Иусус Христостун (Ислам дининде Иса пайгамбар) жаралышына окшош. Мисалы, Мария эне Иса пайгамбарды күйөөсүз эле Кудайдын амири менен төрөгөн.

Экинчиси – «Малиг баягудай (байагу) уруусунан чыккан кызматчы. Балдар ошондон туулса керек…» деп Белгунудей менен Бугунудей гана айтып жатат. Бирок, алардын шектенген сөздөрүнөн башка эч кандай ынанымдуу далилдери болгон эмес.

Бирок, Мырза Улукбектин «Төрт улус тарыхына» таянсак, ошол асмандан түшкөн нур Алан гоого Добун мергендин элесинде келгени айтылат. 

Кыскасы, Алан гоа үч эмди күйөөсү Добун мерген өлгөндөн кийин төрөгөнү анык. Чыңгызиддер үчүн Малик жок нерсе, алар: «Биз нурдан (Куттан) жаралганбыз, ата-бабаларыбыз Борте чонодон башталат» деп келишкени тарыхый факты. Ошол Борте чоно деле баргы болгон. Ал эми Алан гоа эне өзү: «Асмандын элчиси түшүп келип турган, анын тегерегинде дайыма нур балкып тураар эле, ошол нур куюлуп келип мага кирчү», ­ деп бир сырдуу окуя жөнүндө айтып жатат.

Көңүл буруп карасак, бул жерде «түндүктөн түшкөн нур» менен «итте» чоң маани бар. «Нур» дегени – күндүн нуру. Ал Хунндардын диний ишенимине да карата айтылууда. Себеби, хунндардын дини шаман, кудайы Теңир болгон менен мамлекеттик символу – эн белгиси – күн болгон. Ал эми «ит» – «бөрү» тотеми. Көк түрктөрдүн тотеми – «Көк бөрү» болгон. Ошондо, Алан гоа өзүнүн күйөсүз нурдан төрөгөн үч эм балдарын Хунну жана Көк түрк империяларынын башкаруучу тукумдарынан «чыгарганы» көрүнүп эле турат. Чындыгында эле ушул идеология Чыңгыз хандын зор империя түзүүсүнө мыкты шарт түзгөн. 

Ал эми «Маликтен тараган тукумдар» да анын өзүндөй болуп, Алан гоадан бери Чыңгыз хандын тушунда деле, андан кийин дагы чыңгызиддерге кул болуп кала беришкен. Малик Баяудецтин ата-теги жана урпактары жөнүндө «Ыйык баянда», башка тарыхый булактарда да эч бир маалымат кездешпейт. 

(уландысы бар)

Бегиш Аматов, “Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон” китеби

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 17:19
ВИДЕО - Темир Сариев учурда өлкөдө болуп жаткан ар-кыл көйгөйлөр тууралуу катуу айтты
Видео // 16:58
Өмүрбек Текебаев, экс-депутат: “Мен интервьюларымда Атамбаевди көп эстептирмин, демек, китепте ал жөнүндө сөз болот…”
Видео // 15:53
Депутат Дастан Бекешев получил квартиры обманывая государство - Общество слепых и глухих КР
Видео // 16:29
Төрага Дастан Жумабеков Министрге кайрылып: “Биз жүгөрү кайтарып олтурган жокпуз. Кулагыбызга кесме илгенди токтоткула”
Видео // 12:57
ВИДЕО - Ириген Ирина Карамушкина президентке импичмент маселесин көтөрөм деп, кесиптештеринен муш жеди...