Бардык жаңылыктар

БАЙБОЛОВДУН ДА «БЫЛЫКТАРЫ» ЧЫГА БАШТАДЫБЫ?

«Кыңыр иш кырк жылда билинет» дегендей, минтип экс-баш прокурор  Кубатбек Байболовдун алдамчылык иштери ачыла баштады. Мындан дээрлик он жыл мурда Аскар Салымбеков менен Кубатбек Байболов «Оберон» базарын талашып, эки дос эки башка жолго  түшкөнүн билебиз. Анда байлыгы ашып-ташкан Салымбеков базарды берип, жаңы тынган.

«Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?» дегендей, кыныгып калган экс-прокурор баягы көнгөн адатын салып, бул жолу ашыкча оокаты жок карапайым жаранды 103 миң 200 долларга «кидать» эткен.

Эмесе, сөз башынан болсун. 2007-жылы Байболов Жогорку Кеңештин 3-чакырылышынын депутаты болуп турган кезде, «Оберон» жоопкерчилиги чектелген коому аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү салып, сатуу менен шугулданган. Батир сатып алуу максатында Майрамбек Эгембердиев аттуу жаран Байболовдун сунушу менен «Оберон» салып жаткан үйлөрдөн батир сатып алууну чечип,дароо эле 103 миң 200 доллар төгүп берет. Эгембердиев менен «Оберон» ЖЧК ортосунда, мыйзамга ылайык сатып алуу келишими түзүлүп, кол коюлган.Тилекке каршы, Майрамбек Эгембердиевдин «үйлүү болдум» деген сүйүнүчү көпкө созулган эмес.Тескерисинче, Эгембердиев чоң афёранын курмандыгы болот. Албетте, ал акчасын алдатып жиберем деп ойлогон эмес. Себеби, ал авторитеттүү депутат Байболовго ишенген, учурунда эл өкүлү ага кепилдик болуп берерин айтып ынандырган.Келишимде көрсөтүлгөн убакыт келгенде Эгембердиев же үйдөн жок, же акчадан жок талаада калгандыгын сезет. «Багы жокко дагы жок» дегендей, Байболов өлкөнүн башкы прокурору кызматына дайындалып калат дагы, шордуу Майрамбектин акчасын кайтарып ала турган үмүттөрүнүн баарын таш кабат.Эгембердиев биринчи жолу укук
коргоо органдарына кайрылганда,тергөөчүлөр «Оберон» жоопкерчилиги чектелген коомунун үстүнөн кылмыш ишин козгоодон баш тартышат. Албетте, тергөөчүлөр үчүн Байболов ким дагы, Эгембердиев ким? Айласы куруган Майрамбек Эгембердиев өткөн жылдын жай айында, өкмөттүн алдындагы ГСБЭПке арыз менен кайрылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында «Оберон» ЖЧКсы 2011-жылы Эгембердиевге тиешелүү батирди Анар Уметалиева фактылар жетишсиз деп ишти карабай коюшкан. Демек, кызматтык абалынан пайдаланып, тергөө жүргүзбөй шалаакылык мамиле кылгандыктары үчүн алар да жоопко тартылышы керек.Ошентип, Майрамбек Эгембердиев 2018-жылы кайрадан арыз жазып, бул ирет прокуратурам кайрылат. Берилген арызынын негизинде, Бишкек шаардык прокуратурасынын прокурору Э.ЭЛсакеев, ошол маалда тергөөчүлөр тарабынан чыккан токтомду шашылыш кабыл алынган деген тыянак менен жаңы токтом чыгарган. Эгембердиевдин үмүтү жаңыдан жанып келе жатканда, Байболов «менин бул коомго тиешем жок, ал мекемени менин күйөө балам башкарат», — деп кутулуп кеткен. Ал эми Эгембердиев болсо “Байболовдун түздөн түз тиешеси бар” деп какшап келе жатат. Көрсө, келишимге кол коюлуп жатканда да, акчасын санап алганда да экс- прокурор Байболов жанында болгон экен. Биздин окуянын каарманы жапа чеккен Эгембердиевдин сөзүн тастыктай турган күбөлөр да бар.Айтоор, Байболов өзү жалгызбы же күйөө баласы менен биргеликтеби, тааныш-билиштерин салып, пара берип, тергөөөчүлөрдүн оозун басып, иш козголбой келе жатканы анык. Ал эми берейин десе акчасы, сүйлөшөйүн десе тааныштары жок, катардагы жараныбыз, минтипакыйкаттык издеп жүрсө, амалдуу экс-прокурор Байболов арам оокат менен байып, залимдик менен карапайым элдин укугун тебелеп жүрөт.Бүгүн болсо Майрамбек Эгембердиев массалык маалымат каражаттарынан жана укук коргоочулардан акыйкаттык издеп жүргөн кези.

Булак: «Факты.кж»

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!