Бардык жаңылыктар

"Республика - Ата-Журт" партиясы экиге бөлүндү

Жогорку Кеңештеги саны жагынан экинчи орунда турган «Республика - Ата Журт» фракциясы азыркы курам менен шайлоого катышпай турган болду.

«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев «Азаттык» радиосуна бул кызматташтык майнап бербегенин маалымдады:

- Биз, албетте, шайлоого даярданып жатабыз. Биз шайлоого биринчи жолу катышып жаткан жокпуз, качан даярдык көрүш керек экенин жакшы билебиз. Биз шайлоодо утабыз деп ойлоп жатам. «Ата Журт» бул жолу «Республикага» кошулбай, өзүнчө барат. Биз 2010-жылдагы ийгиликти кайталагыбыз келет. Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшкөн жокмун, көптөн бери көрө да элекмин. Ал шайлоого катышабы же жокпу, билбейм. «Республика» менен кызматташуу эч кандай жемишин берген жок. Партия лидери катары мен парламентке өтпөй калдым. Бул жыйынтыкты мен нөлгө теңейт элем, - деди Ташиев.

Юридикалык жактан алганда Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев теңтөрага болгон «Республика – Ата Журт» жашап жатат. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Республика» жана «Ата Журт» партияларын такыр башка адамдар негиздеген. Ортодон пайда болгон «Республика - Ата Журт» биротоло жоюлабы же жокпу, азырынча белгисиз.​

2014-жылы парламенттик шайлоо алдында бириккен «Республика» жана «Ата Журт» партиялары депутаттык мандат алуу жагынан VI чакырылышта экинчи орунга чыккан.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!