Бардык жаңылыктар

Кулматов менен Ибраимовдун сотунда күбөлөрдү суракка алуу уланат

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда бүгүн баш калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту уланат. Кулматовдун адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында, күбөлөрдү суракка алуу жүрүп жатат.
- Калыс-Ордодогу мектеп боюнча эксперт күбөлөрдү суракка алуу аяктап калды. Биз кошумча төрт күбө чакырууну өтүнгөнбүз, алардын кимиси келери азырынча белгисиз, - деди ал.
Адвокат кошумчалагандай, күбөлөрдүн сурагы аяктагандан кийин сөз соттолуучуларга берилет.
Буга чейинки отурумда мамлекеттик айыптоо ТВЕА компаниясынын өкүлү Мусажан Макелекти сотко мажбурлап алып келүү тууралуу өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырган. Макелек Кытайдын TBEA компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү болуп иштеген. Ал 2018-жылы Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча камакка алынган, кийин үй камагына чыгарылган. Айрым маалыматтарга караганда, ал өлкө аймагынан чыгып кеткен.
Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолуп жатат.
Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.
Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтып келишет.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!