Бардык жаңылыктар

Бажы кызматы Райымбек Матраимовдун сүрөтү боюнча комментарий берди

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов мекеменин жетекчиси Алтынбек Торутаев менен төраганын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов чогуу түшкөн сүрөт боюнча комментарий берди.
Мүсүрканов сүрөт 2015-жылы Ош шаарында тартылганын, анда Мамлекеттик бажы кызматынын бир кызматкеринин чакыруусу менен мекеменин сүрөттөгү мурдагы жана азыркы кызматкерлери барышканын айтты.

- Чогуу иштешкендер менен бир жерге барып чогуу сүрөткө түшсө болот да. Кээ бирөөлөр аны башка максатта жарыялап жатат. Ал киши (ред: Райымбек Матраимов) 2015-жылы Ош бажысынын жетекчиси болчу (ред: 2013-2015-жылдар). Бир кызматкери конокко чакырыптыр. Анан ошол жерден түшүшкөн, - деди Мүсүрканов.

Дело №» геизити бүгүн сайтына Мамлекеттик бажы кызматынын азыркы жетекчиси Алтынбек Торутаев, Райымбек Матраимов жана башка бир нече киши түшкөн сүрөттү жарыялады. Басылма сүрөт качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз экенин жазган.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2017-жылы, ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген. Бирок Матраимов өкмөттүн мындай чечими туура эмес болгонун айтып сотко кайрылган. Соттун бардык инстанциялары аны колдогон чечим чыгарган. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!