Бардык жаңылыктар

Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын Президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын Президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту. Жолугушууга Түрк академиясынын өкүлү, профессор Кадыралы Конкобаев катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Билим берүү жана илимий изилдөөлөр чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүдө жана «Манас» эпосун кеңири жайылтууда көрсөткөн көмөгү үчүн Түрк академиясына ыраазычылык билдирди.
Сооронбай Жээнбеков ошондой эле түрк тарыхы, маданияты жана түрк тилдүү элдердин улуу инсандарына арналган эл аралык конференциялар, форумдар жана семинарларды өткөрүү боюнча Академиянын активдүү ишин белгиледи. Маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө чоң роль ойногонун баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасында үстүбүздөгү жылдын ноябрында өтө турчу Жусуп Баласагындын Куттуу Билим эмгегинин 950 жылдыгына арналган эл аралык конференция жогорку деңгээлде өтөрүнө үмүтүн билдирди.
Түрк Академиясынын Президенти Дархан Кыдырали Кыргыз Республикасынын Президенти — Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Төрагасына Академиянын азыркы ишмердиги жана алдыга коюлган артыкчылыктуу пландар тууралуу маалымат берди.

Дархан Кыдырали Кыргызстан жана Казакстандын да элин бириктирген түрк тарыхы жана маданиятын мындан ары дагы жайылтуу максатында Кыргызстандын билим берүү жана илимий уюмдары менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031 



Видео // 10:58
Өлкөнү өнүктүрүүнүн орчундуу багыттарынын бири санариптештирүү
Видео // 10:56
Кышка камылга башталды
Видео // 10:54
Батукаевди бошотуу операциясы
Видео // 10:53
Мамлекет ишкерликти өлкө экономикасынын өзөгү катары карап жатат
Видео // 11:52
Темир Сариев: Экономика багытында биздин ылдамдыгыбыз начар болуп жатат!